www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ыраматылык Дооронбек Садырбаев айткан экен : "АЙЛАНАЙЫН МУРДУҢА БОК СҮЙКӨЛГӨН КЫРГЫЗДАР, БЕЛИҢДИ БЕКЕМ БУУП ЧЫДА, ӨЗҮҢДҮН ЗӨӨКҮР УУЛДАРЫҢА, ЗӨӨКҮР КЫЗДАРЫҢА!".

Дооронбек Садырбаев: ««Ишенген төөм сен болсоң, о кепшеген оозуңду урайын» -деген экен илгери көлүк төөсүнөн көңүлү калган бир казак тууган... Илгери менин филармонияда музыкант болуп иштеген таанышым бар эле. Айыбы арак менен ынактыгы бар эле, анан эч кимди ылгабай этектин артынан ээрчип кетчү. Ошентип жүрүп, анын бир башка жаш келин менен жашап жүргөнүн зайыбы билип калат. Андан көңүлү калган  аялы, күйөөсүнүн кийим-кечесин бир чемоданга салып колуна карматып: «Бар, мындан ары ошону менен жаша. Иши кылып кайра келбесең болду, балдарыңды өзүм багып алам»-деп сыртка чыгарып койот. Ал кудуңдаган бойдон кетет, аялы күйөөсүз, балдары атасыз жашоого көнүп калгандан кийин 2-3 ай өткөн соң коңгуроо шыңгырайт. Аялы эшикти ачса колуна чемоданын кармап теңселген күйөөсү турат.

-Ай сага эмне болду?

-Кайра келдим.

-Эмнеге кайра келдиң?

-Энеңди урайын, ал сенден да жаман катын экен. Анан сага келбегенде каякка барам...-дейт имиш күйөөсү.

Анын сыңарындай «Демократия деген энеңди урайының сенден да жаман турбайбы» -деп, баарыбыз кайрадан социализмди көздөй жөнөбөсөк болгону». –дептир Дооронбек Садырбаев.

 «Үйрөнүшкөн жоо сайышканга жакшы» -дегендей , ак көңүлүңөр кармаса Дооронбек акеңерди жерге-сууга тийгизбей көкөлөтүп, кара көңүлүңөр кармаганда сакал-макал, аке-сакелигиме карабай туруп, күлгө чапкан жанагыга окшотуп жалпайта чаап иймейиңерге деле көнүп калдым. Кадырмат Султанов 1-катчы болуп турган 7 жылдын аралыгында бир дагы Ноокендикке саясий айып тагылып, куугунтукка алынган эмес. Эгерде ал «Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп» барган-турган жердин бакисин былгытып жүргөн таанымал кыйды болсо –бир жылда, бир райондон 6 Социалисттик Эмгектин Баатырын чыгарат беле? СССРдин 70 жылдык тарыхында мындай көрүнүш бир гана жолу болгон экен, ошол оомат Россиянын эмес, Грузиянын эмес Ноокен районунун калкынын шыбагасына туш келгенине сыймыктанышыбыз керек».

Кесиптешибиз Мелис Айдаркуловдун айтканы:

«Түркиядан Мекенине кайтып келгенден бир ай өттүбү-өтпөдүбү, Докем “Эркин Тоодогу” менин кабинетиме карпа-курп кирип келип:

- Эй дос, мен кара тулпарлуу болдум!..- деди.

- Болсун, Доке!.. Тулпарыңыз ак жолтой болсун, кудай өзүңүзгө ден соолук, узун өмүр берсин...

- Сыртта турат, жүр, көрбөйсүңбү!..- деп Докем мени күтпөй эле сыртка жөнөдү.

Сыртка чыксам Докем акыркы маркадагы капкара “Волганын” жанында туруптур. Дагы бир жолу куттук айтып, Докем экөөбүз кучакташтык, анын оозмо-ооз өбүшмөй адаты бар эле, өбүштүк. Анан Докем машинасына олтуруп, жаш балача рулду ары-бери буруп:

- Кандай экен, кара кишинин кара “Волга” айдап баратканы?..- деп калды.

Мен Докеме тийишким келип:

- Жакшы эле... Бирок бир аз башкачарак болуп атат мага...- дедим.

- Эмнеси башкача болупатат, сөздү баштагандан кийин ар жагын да айт, жубарымбек!..- деп Докемдин чыдамы кете баштады.

- Баары жакшы эле. Бирок сиз мен билген, эл билген Дооронбек Садырбаев эмес, башка болуп калат экенсиз...

- Ким болуп калат экем?.. Айтпайсынбы, маалкатпай...

- Капиталист Садырбаев болуп калат экенсиз...

Кудай бетин салбасын, Докем түнөрдү да калды!.. Мен анын абалын көрүп, чындап чоочудум:

- Доке... Доке, мен тамаша кылыпатам... Кечирип коюңуз?..

Докем рулда олтурган бойдон бурк этти:

- Жок, сен туура айтасың... Мен кеттим... жакшы тур, - деди да, машинасын от алдырып, жүрүп кетти.

Же атайын дайындап ала чыккан көрүндүгүмдү бере албай, же Докемдин шаштысын кетиргидей эмне айтканымды түшүнбөй мен калдым...

Андан көп өтпөй Жогорку Кеңешке шайлоолор башталып калды. Докем да ага катышууну чечкен экен, ошол маселе боюнча сүйлөшкөнү келдим деп, редакцияга кирип калды. Сөз бүткөн соң Докемди узатып сыртка чыкканда Докем газ-21 маркасындагы эски көгүш “Волгага” олтуруп жатканын көрүп, бырс күлүп жибердим. Аны байкап калган Докем мага сөөмөйүн кезеп, каткырган бойдон жөнөп кетти...»

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости