www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каржы министринин орун басары Руслан Татиков эки ай мурда депутаттардын: “Эмне үчүн банкта Кыргызстанга берилген кредиттин бир бөлүгү берилбей калып жатат? Биз ал берилбей калган сумманы да кошуп төлөйбүзбү кийин?..”, - деген суроосуна абдан таң калыштуу жооп берген эле? 

Анда Татиков мындай деген жүйөөнү айткан: - Адахан Кимсанбаевич, өзүңүз билесиз, сиз да спикер болгонсуз, кредиттердин баардыгына спикерлер коёт, ошон үчүн сиз да мурда алдыңыз...", - деп түз берилген суроого, так жооп бербей чаргытып, айландырып баштаганда, вице-спикер сөзгө аралашып, Татиковду
түшүнүксүз сүйлөбөй суроого так жооп берүүсүн талап кылып, сөзүн токтотуп калган. 

Мына ошондо коомчулукта эгер токтотпосо, спикерлердин баарын, алардын тушунда кандай милдет менен алынган кредиттерге кимдер макул болуп кол койгонунан бери саймедиреп уят кылат беле деген күмөн ой калган. 

Анткени, суроо берген Мадумаровго карата эмне себептен, “...сиз да спикер болдуңуз, кредиттердин баардыгына спикерлер коёт, ошон үчүн сиз да мурда алдыңыз...” деп айтты, деген суроонун жообу ачык бойдон көпчүлүккө түшүнүксүз болуп калды. 

Ошондон улам , эмнеге Каржы министринин орун басары Руслан Татиковдун табышмактуу сөзүнө эмдигиче УКМК баш болгон укук коргоо органдары маани бербей келет деген суроо жаралат?!

Спикерлер Кыргызстанга келген кредиттердин бир бөлүгүн өзүлөрүнүн кызыкчылыгына алып келгенби? Азыр кредиттер кандай шартта берилип жатат? Суроолор көп. Жооп али жок. 

Ошондогу Мадумаров менен Татиковдун диалогуна токтололу. Эл өкүлү суроосун кайрадан кайталап: “Банкта Кыргызстанга берилбей калып калган
акча Кыргызстан төлөй турган сумманын эсебине киреби?..”, - деп берген. 

Р. Татиков: - Кирет, - деп жооп берди.

 - Демек, банкта калып, Кыргызстан албай калган сумманы да кийин кошуп төлөп беребизби?, деп суроо салды Мадумаров.

Р. Татиков: - Шарты боюнча төлөп беребиз... 

Эмне себептен Кыргызстанга берилип жаткан кредиттин бир бөлүгү банкта калып калат да, албаган акчаны кийин эмнеге Кыргызстан карыз катары кайра төлөп берет? Ким андай шартты, эрежени банкка киргизген? Спикерлердин кредитке кандай тиешеси бар?!.. Бул суроолордун жообун тактап, бир пенде баласы кызыгып сурай элек.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Президенттин жана Министрлер кабинетинин Төрагасынын парламенттеги өкүлү Абытов Алмаз Ахунжановичке кайрылып, "Р. Татиков берилген суроого так жооп берсин, эмнеге спикерлер жөнүндө сөз кылат? Тартибин карап коюңуздар...", - деген таризинде сүйлөгөнү элдин эсинде. Бирок Руслан Татиков ГАИге эле мас абалында түшпөй калганы болбосо, баягыдай эле тартипте иштеп келе жатат... 

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости