www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Жөжөлөр» эки жылда килтейген тоок же короз болбойбу? Биздин бийликтин «жөжөлөрү» канча убакыт өтсө да «жөжө» бойдон калышат. Анан «жөжөлөр» Петр биринчини каяктан ойлоп табышты экен. Орусиянын жетекчисинин айтканына кулак салып көрөлү. Путин белгилегендей, үч кылымдан ашык убакыт мурун биринчи орус аскер кемесинде көтөрүлгөн орус желеги өзүнүн тарыхынын татаал, катаал мезгилдеринде - Улуу Петрдун тушунда Орусия империясынын түзүлүш этабында Орусиянын символу болуп калган.
Акыркы мезгилде Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин капыстан камалып, кызмат ордун бошотуп бериши, оозуна алы жетпей келаткан Эдил Байсаловго окшогон «саясий булбулдар» үчүн күн тийип турганда чагылган тарсылдагандай эле болду. Буга чейин Байсалов да, Бейшеналиев да оозуна эмне келсе оттоп коюшуп, ишинен сөзү көп болуп, кекиртектен ашып бараткан. Башкы прокурор тарабынан солкулдабаган министр Алымкадыр Бейшеналиевдин үстүнөн кылмыш иши козголуп, анын жеп жибергени тууралуу сөздөр вулкандай атып чыкты. Бирок, Алымкадыр Бейшеналиевдин «всемогущий» «крышасы» бул ишти тез аранын ичинде өз калыбына келтирүү үчүн Башкы прокурорду убактылуу кызматынан бошотуп, бир аз «өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип бараткан» «кыргыз Вышинскийин» эсине салды. Мындай зор кармашуу эптеп кыпчылып алып ар кимди карап үрүп келаткан Эдил Байсаловдун жүрөгүнүн сары суусун алып, бир аз чоочутуп койгондой. Азыр Садыр Жапаровду мактаса оозунан жалын чыгып калат. Ооба, ал учурунда: «Петр I бул Садыр, биз анын жөжөлөрүбүз...»-деп, эл алдында чыгып алып какшаганы бар. Эмне үчүн Эдил Байсалов толгон мамлекеттик ишмерлерден Петр биринчи таап айтканын ким билет. Бирок салыштыруу эч бир окшошпой, ал эмес эч бир коошпой турат. Петр биринчини Садыр Жапаровго эмне себептен салыштырат? Орус мамлекетине Европанын терезесин кеңири ачып берип, Петр биринчи орус мамлекети үчүн эмгек кылган. Петр биринчи ординардуу реформатор катары, аскер деңиз флотун Орусияга кийиргени үчүн, мурунку бояриндердин сакалдарын кыркканы үчүн, зор Армияны түзүп шведдердин сазайын колуна бергени үчүн гана Улуу Петр! Петрди коюп Екатерина экинчинин уулу Павел менен салыштырса эмне? Екатерина экинчи өлгөн соң Павел аз убакыт болсо да Орусия империясын чеңгелдеп турган. Павел Петрович 1796-жылдын ноябрында такка отуруп, 1801- жылдын мартында өлтүрүлгөн. Павелди чоң энеси Елизавета Петровна келини Екатеринадан бөлүп алып, өзүнчө тарбиялаган. Петр биринчинин кызы Елизавета Петровна 1761-жылы каза болот, ордуна уулу Петр Федорович турат. Петр III менен жубайы Екатерина менен мамилеси көп жакшы болгон эмес. Ошондуктан немец улутундагы Екатерина ак сарайда төңкөрүш уюштурат да, Петр III көп өтпөй ууланып өлтүрүлөт. Екатерина II 1762-жылдан 1796-жылга чейин Орусиянын императрицасы болгон.
Павел атасын өлтүргөндүгү үчүн апасын көп жакшы көрчү эмес. Император болгон соң мээ кайкы мыйзамдары менен мамлекетти жүдөтүп бүтүргөн. Ал Аракчеев менен жакын дос болуп жандармерияда «Аракчеевчилик» деген жаңы түшүнүктү кийирген. «Аракчеевчилик» -өтө опурталдуу, реакциялык деспотизм болгон. Чексиз бийлигине таянган Аракчеев полицияга каалагандай укук берип, элди мүлжүп жеген. Каардуу саясатынын негизинде элди бүк түшүргөн. Андан кийин такка отурган уулу Александр муну улап кетип, «Аракчеевчиликтин» айынан Пушкинди «доңуз коопкон». Мамлекетке башчы болгон соң «өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем» деген өзүнө жаккан жиндидей мыйзамдарды кабыл ала бере турган. Мамлекет олку-солку болуп баратканда уулу Александр төңкөрүш уюштуруп, Павелди тумчуктуруп өлтүрүп, ордун алат.
Балким, Садыр Жапаровду Петр I ге салыштырбай, Павел I ге салыштырганыбыз туура болуп жүрбөсүн? Петр I бекер жеринен «Великий» болгон жок да...
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg