www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияда кыргыз жарандары сабалып, унаалар талкаланды

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги орус-казак чек арасындагы «Озинки» көзөмөл-өткөрүү пунктуна жакын жерде болгон окуя боюнча маалымат берди.

Элчилик билдиргендей, Саратов облусундагы «Озинки» көзөмөл-өткөрүү пунктунда кыргызстандык жана россиялык айдоочулардын ортосунда чыр чыккан.

Алар көзөмөл-өткөрүү пунктуна кирүү кезеги сакталбагандыгы үчүн урушушкан. Андан соң Кыргызстандын 10 жараны 3 унаа менен Москва шаарына жолго чыкканда, Саратовдун Ершово айылы тарапта жергиликтүү таксисттер алардын жолун торошкон.

Таксисттер 1 айдоочу менен 1 жүргүнчүнү сабап, унаалардын терезелерин талкалап, дөңгөлөгүн жарып, кузовду чийишкен. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголду. Учурда укук коргоо органдары шектүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам аракеттерди көрүп жатат.

Ершов районунун полициясы кыргызстандык жарандардын арасында оор жаракат алгандар жок экенин билдирди.

Баарына медициналык жардам көрсөтүлгөн. Ошондой эле элчиликтин кызматкерлери Ершов районунун полициясы менен сүйлөшүп, Кыргызстандын жарандары менен жолукту. Бул факт элчиликтин көзөмөлүндө турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости