www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатчы, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев наристенин өлүмүнө байланыштуу камалган беш дарыгердин үй камагына чыкканына сүйүнүп кол чаап, минтет: "Дарыгерлерди камактан чыгарганы дурус болуптур... Жакында эле Кыргыз Эл Баатыры, академик Мамакеев Мамбет өз пикирин катуу айтыптыр эле, минтип отурсаңар жарым жылда хирургдардын жарымын түрмөгө камап саласыңар деп. Албетте врачтын жоопкерчилиги катуу болушу керек, ар бир бейтап үчүн өз абийири астында дагы, Жараткандын алдында дагы, мыйзам алдында дагы жооп берүүсү абзел. Бирок ошол жоопкерчиликке тартуу дагы жоопкерчиликтүү болуусу зарыл, мыйзам тарабынан так аныкталышы керек жоопко тартуу жолу (процедурасы). Ар бир кырсык үчүн милициянын барып баса калып камап салганы туура эмес. Даттануу адегенде атайын комиссия тарабынан иликтенип, анан врачтын күнөөсү аныкталса ага карата кылмыш иши же административдик иш козголуп, тергелип, сот жообуна тартылганы туура",-дейт Каптагаев.

Ошондой эле Каптагаев медицина тармагында буга чейинки жасалган реформалар терең иликтенип, талкууланып, жакшы жактары андан ары өнүктүрүлүп, калпыс же жаңылыш жерлери жоюлуп, алдыга карай атайын программа бекитилүүсү керек деп санайт:"Реформа мурдагы министр Алымкадыр Бейшеналиев жасагандай "чапаевщинага" айланып калбашы зарыл. Медицина тармагы толугу менен эле бизнеске, соода-сатыкка айланып бара жатканына, акчалуулар бапестелип дарыланып, акчасы жоктор болсо кароосуз калып же болбосо "өнөкөт оору экен, мобу дарыларды ичип коюңуз..." демиш болуп иттен чыгарылып калып жатканы натуура көрүнүш. Ошондой эле кереги бар болсо дагы, кереги жок болсо дагы толгон токой анализ тапшырылып, томограмма, УЗИ дагы башкасынан өткөрүлүп эсеби жок акча жумшалып жатканы дагы туура эмес. Үйбүлөлүк дарыгерлердин өз милдеттерин толук аткарбай отурганы дагы туура эмес. Негизи эле туура эмес нерсе көп...",- деп жазды коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев. Бул айткандары туура. Эми анын учурунда экопостту жетектегени тууралуу учкай кеп.

Ысык-Көлгө экопост куралы дегендер чыккан. Кыргызстанды дүңгүрөткөн Садыр Жапаровдун “Саясаттагы он жыл” китебинде Каптагаев жөнүндө минтип жазылган: “Ысык-Көлдөгү биосфералык экологиялык аймакка, Эмилбек Каптагаев башчы болуп турган мезгил эле. Балыкчыга кире бериш жердеги экопостто акча жыйнашчу. Финансылык кылмыштары ачылып, каржы полициясы менен биргеликте уурдалган акчаларды ордуна койдуруу максаты турган. Бир күнү Каракол шаарына иш сапар менен барып, кайтып келе жатсам, биздин агенттиктин аппарат башчысы Бакыт Бакетаев чалып, - Кайдасыз?, - деп сурап калды.

- Караколдон келе жатам, - десем, - Балыкчыда күтүп турам, жолугушалычы, - деди. Келсем, 2-3 киши менен күтүп турган экен. Орто -Токойду жээктеп, суунун боюна барсак, Эмил Каптагаев бир коюн союп алып, күтүп олтуруптур. Мен үчүн күтүүсүз болду. Көрсө, Каптагаев агенттиктин аппарат башчысы Бакыт Бакетаевди ортого салгандагысы экен. Дасторкон үстүндө олтуруп, “кыргызда жайылган дасторконду таштап кетүү салтта жок. Бирок, мамлекеттин акчасы толугу менен ордуна коюлушу керек” деп айттым. Кийин каржы полиция ордуна койдуруп, иши жабылды. Муну менен эмнени айткым келди? Жогорку жактагылар деле баарын билишет экен. Көрсө, тең бөлүшүп турушат турбайбы. Болжол менен бир сезондо экопосттон 30 млн сом акча түшсө, мунун 7-8 млн сомун гана өкмөткө төгүп, калганын Ак үйдөгүлөр менен бөлүшүшөт экен...”

Эмилбек Саламатович комиссар Садыр Жапаровдун бул кылгандарын жөн калтырбайт. 2010-жылы октябрда Каптагаев Президенттик аппаратты жетектеп туруп, “Ата-Журт” партиясын тийиштик кылат. “Саясаттагы он жыл” китебинен: “Республикалык штабыбызга Эмилбек Каптагаев уюштурган 30 дай кишилер келишип, сыртта илинип турган баннерлерибизди сыйрып, өрттөп салышты. Муну да КТР ден тынбай көрсөтүп турушту. Булардын баарын Каптагаев телефон аркылуу башкарып турду”.

Эмилбек Каптагаев Ысык-Көл облусунда губернатор кезинде Кумтөргө нааразы болгондор, аны кармап алышып барымтага алган. Ушунун кесепетинен бар шылтоонун барын Садыр Жапаровко жүктөп, “Эмилбек Каптагаевди барымтага алганы үчүн” Кылмыш- Жаза кодексинин негизинде иш козголуп камакта жатты. Эмилбек Каптагаевдин мурдун балта кескен жок, Атамбаевди чанып, жамандап кийинки бийликке президент Сооронбай Жээнбековго көнгөн коюн союп берип Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун башына келген. Улуттук стратегияны Каптагаев сыяктуулар билип турган бирок Садыр Жапаров келгени үнү чыкпай калды.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg       

Последние новости