www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Жалолидин Нурбаев мигранттардын каражатынын бир бөлүгүн инвестиция катары колдонууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мигранттар өз өлкөсүнө абдан жакшы жардам берип, тактап айтканда, коронавирустук пандемия учурунда медициналык жабдууларды сатып алып, Кыргызстанга жөнөтүшкөн.

"Мен биздин мигранттардан инвесторлорду түзүүнү сунуштайм: Министрлер кабинети аларга өз аймагынан жер бөлүп, алар каалаган компаниянын акционери боло алат. Мигранттар жылына 2,5-3 млрд. которушат. Бул каражаттын жок дегенде 1% инвестиция катары колдонулса, 25-30 миллион доллар алабыз. Эгерде бир өндүрүштү түзүүгө 1,5 миллион долларга жакын каражат сарпталса, жыл ичинде 25ке жакын жаңы ишкана ачууга болот», - деп белгиледи депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости