www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биз бүгүн мыкты журналист Элмира Ажыканова менен Кыргызстанды каптаган диний караңгылык боюнча баарлаштык.
-- Элмира эже, Кыргызстанда жоолук салынган ырчылар, жапжаш кыздар көбөйдү.. Ар бир үйдө паранжы кийген кадыресе көрүнүш болуп калды. Кыргызга жат көрүнүш эмне үчүн акыркы мезгилде күч алды?
-- 90-жылдардын башынан тартып, 2005-жылдарга чейин (өткөөл жылдар, экономикалык кыйынчылыктар, жумушсуздук) бизде билим берүү жаатында боштук болду. Ошол жылдарда жаш муун билимден, тарбиядан өксүдү. Улуттук дөөлөттөр жөнүндө эч жерде сөз болгон жок. Башкача айтканда, “этиң тургай табагыңды таап ал” деген заманда ата-энелер билимди ойломок тургай кайдан нан таап жейбиз деген көйгөй менен жашап калышкан. Ошондон калган көкүрөктөгү боштукту эми диний ишенимдер ээледи. Дүйнө таанымы кенен, өз алдынча ой жүгүртө алган, өзүн өстүрүүгө умтулган адам эч качан диндин жөрөлгөлөрү менен алпурушуп, өзүн чектебейт. Мунун түпкү себеби – билимсиздик.
Жапырт жоолук салынып жаткан жаш кыз-келиндердин көпчүлүгү мода катарында, бир даары күйөөсүнүн же ата-энесинин талап кылуусу менен да салынышат. Алардын көпчүлүгүнүн дүйнө таанымы чектелүү экенин соцтармактарда жазган постторунан, комментарийлеринен дароо эле баамдайсың. Алар диндин тарыхын, диний адабияттарды деле жарытып окубагандар.
Кооптуу нерсе – алар эртең бала-чакасын да шарияттын жолу менен гана жашоого үйрөтүп, бир жактуу тарбиялайт. Бул кыргыз деген улутка урулган коркунучтуу сокку.
-- Акыркы мезгилде арабдардын атын жаңы туулган ымыркайларга коюу да адатка айлана баштады. Минтип отурсак, кыргыз деген улутту жоготуп албайбызбы?
- Жоготуп албаш үчүн ар бирибиз эртерээк (убакытты өткөрбөй) ойлонушубуз жана ойгонушубуз керек. Мекенчилдик, улутмандык сезимдерди ойгото турган долбоорлор керек. Кыскасы, улутту сактап кала турган идеология керек.
Балдарыбызга арабдардын ысымдарын койгондон эле ыймандуу, акылдуу болуп кетпейт. Андан көрө балага татыктуу тарбия, билим берүү керек. Билим десе эле сөзсүз жогорку билим эмес, духовный жактан байытып, дүйнөнү кенен тааныта турган билим керек. Уул-келиним балага сиз ат коюп бериңиз дешти. Мен небереме Темир деген ысым ыйгардым. Темирдей бекем, эрктүү, күчтүү жигит болсун дедим.
-- Коомчулукта эркектин маңкурттугунан да, аялзаттын маңкурттугу коом үчүн чоң азап деген ойлор айтыла баштады. Бул боюнча кандай пикирдесиз? Аялдар караңгылыгынан хиджапты кийүүнү адатка айлантыштыбы же алар кимдир бирөөнү азгырыгына азгырылып жатышабы?
-- Улутту улут, элди эл кыла тургандар – энелер. Улуттук дөөлөттөр энелер аркылуу сакталып, муундан муунга өтөт. Аял билимсиз, мажирөө, түркөй болсо, мурдунун учунан алысты көрө албаса, балада кайсы тарбия? Андай аялдар ириде үй-бүлөсүн караңгыда кармап, бала-чакасын жапайы кылат. Руханий жактан өспөй калган кыздарды багып чоңойтуп, эрте жашында күйөөгө берүүгө шашат. Булардын залакасы - мамлекетти артка сүйрөйт, улуттун кедерин кетирет.
Кыскасы, бул көрүнүшкө олуттуу мамиле жасабасак, эртеңки күн кооптуу.
Булак: NazarNews.kg