www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Астанада Токаев ЕврАзЭК өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен жолугушту. Бул жолугушууга Назарбаевдин таманын өөп жүргөн Жапаров да катышты. Арийне, мындай анекдот чыгыптыр, Жапаров, Токаев, Мишустин үчөө ким көп калп айтат деп мелдеше кетет. Токаев калп айтат: «Мергенчиликке чыксам беш өрдөк учуп баратыптыр. Аттым эле бешөө тең топ этип түшүп калды».

«Ушунун эмнеси калп. Бешөө катар менен учуп баратышса керек, атканда бири-биринен өтүп кулап түштү да, боло берет турмушта» дешет.

«Мен да бир кийикти аттым эле, туягы менен тумшугуна тийиптир» деп Мишустин бакырып чыгат. «Ушунун эмнеси калп, тумшугу менен туягын кашынып атканда атсаң керек» дешет.

«Мен Токтогул ГЭСинин суусун тешип жаткан ондатрды аттым эле, өлөрдө ыйлап ийсе болобу»-дейт Жапаров. «Эй тобо ушундай да калп болобу. Биринчиден Токтогул ГЭСинин суусун ондатр эмес  ашыналар тешип атат. Ошондон улам 16 млрд. Куб батып жүргөн суунун көлөмү 8 млрд. Кубга түшүп баратат. Экинчиден ондатр ыйлабайт» -деп, биринчи орунду Жапаровго беришиптир.

Жапаров Ереванга барганда «эрогендүү» кептерин жаадырып келген. Жапаров жарпы жазыла: «Биз «кедей» мамлекет синдромун жок кылабыз» -деп адатынча мактанып алган. Кантип жок кылат жолун айткан жок. Же эмне Жапаров үйүндө экзотикалык тамак ичсе эле Кыргызстан «кедей» мамлекет синдромунан чыгып калат бекен? Бул сөзү Орусия премьери Мишустинге жакпай калса керек. Булар сүрөткө түшөр алдында Мишустин маскаларды эл көзүнчө тагынып алууну сунуштады. Анын сөзүнө какылдаган Жапаров «Маска тагынууга милдеттүү эместигибиз айтылган» -деп мойнун кайырды эле, Мишустин «Көп сөз бок сөз, тагыныңыз» -деп ачуулуу көзү менен Жапаровду караганы, Жапаровдун «кедей» эмес өлкөнүн өкмөт башчысына карагандай  көз караш болгон жок. Өкмөт башчысынын да өзүнүн этикасы болот, же «кедей» синдромунда турган Кыргызстан Жапаровдун айынан Орусия менен кер-мур айтышып, каякты карап жалдырап калабыз?

Ыргыштап бараткан Жапаровдун кулагы жапырылып, эмнегедир бир нерсенин жытын искегенсип, кайсалаңдап турат. Учурда Акылбек Жапаров кемеге «катастрофа» болорун алдын-ала сезген келемишке окшоп чайналып тургандай. Трайбалист Жапаров 30 пайыз кыскартууларды жүргүзүүнү демилгелеп, буларга Бишкекте суутуп коюптурбу деп түштүктүн элине билгизбей кысым жасай баштаган.

Бул жолугушууда  да Жапаров Мишустин тууралуу сөз кылып, дагы Орусиядан карызка сурай турганы тууралуу билдирди. Жапаров Мишустин бергендерди кокосуна тыгып, өлкө кымбатчылыкка баратат. Жогорку Кеңештин жыйынында, Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдоо  жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин маалыматы угулду. Министрлер кабинетинин төрагасынын орунбасары сөзүндө Кыргызстандын суунун көлөмү азайып баратканын белгилеп, келечекке прогноз берди. 2040-жыл епндай болот? Ошондо биздин Кыргызстан кандай өлкө болот? Биз балдарыбыздын келечегин ойлосок, бүгүнкү ишти эртеңкиге калтырбашыбыз керек. Дүйнөлүк тартип өтө тездик менен өзгөрүп жатат. Азыр таасир этүү чөйрөсү, эл аралык нормалар түп-тамырынан кайра каралуу коркунучуу жаралууда. Глобалдуу дүйнөдө бардык жүрүп жаткан кырдаалдарга адекваттуу жооп кайтарып, чараларды көрүп турушубуз керек», - деди.

Муну менен катар Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары чек ара маселелерин чечүү зарылчылыгына токтолуп: «Жоопкерчиликти өзүбүзгө алып, чек ара маселелерине чекит коюшубуз керек», - деп кошумчалады. Ошондой эле ал Тажикстандын куралдуу агрессиясынын кесепеттери тууралуу маалымат берди. «136 миңден ашык жараныбыз жер которууга мажбур болду. 63 жараныбыз ок атышуудан, 12 адам жол кырсыгынан каза болду, 206 адам жаракат алды. Материалдык жактан 661 турак үй жабыркаган, анын ичинен 423 үй талкаланып, 11 административдик стратегиялык объект, 27 социалдык объект, 335 сарай, 197 жашоого тиричилик камсыздоочу объект, 61 унаа, 1 көпүрө жарабай калды. Жарандык коргонуу комиссиясынын берген аныктамасы боюнча 3 млрд 130 млн сомдук материалдык зыян келтирилген», - деди .

Жыйын суроо-жооп иретинде болду. Жакында Минкаб Жапаров менен жолугушуу учурунда Орусиянын премьери Михаил Мишустин бул жолугушуулар Батышка жакпасын, бирок евразиялык интеграцияны көтөрүү керектигин, азыркы абалга президент Путин баа берип жатканын баса белгиледи. Жапаров жакшы көрүнгүсү келип Мишустинге жагынганы менен Орусиянын оюу Кыргызстан да аларды колдошу керектиги билинип турат. Орусиянын экономикасы биздин экономикабызга чоң таасир этери чындык. Мишустинге жагынган Жапаров Кыргызстанды качан алга жылдырат?  

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости