www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Акжол Махмудов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу алдыда Азия оюндарына даярдык көрүп, машыктыруучулардын үмүтүн актоого аракет кыларын жазды:

"Турнирлерге ар дайым жан дүйнөм жана жоопкерчилик менен мамиле жасаганга аракет кылам.

Мен машыктыруучуларымдын алдындагы милдетимди билем. Машыктыруучуларымдын үмүтүн жана эмгегин актоо мен үчүн 100% маанилүү. Бизди алдыда Азия оюндары күтүп жатат! ИншаАллах колумдан келген аракеттин баарын жасайм. 

Тарыхты изилдеп-окубастан, аны жаратып жана жазышат", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда жеңишке жетип, "Париж-2024" жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алган. Ошондой эле балбан Дүйнө чемпиондугунан кийин өзүнүн салмак категориясында биринчи орунга көтөрүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости