www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында кыргызстандыктар жаңыртылган тариф менен биринчи квитанцияларды алышат. Электр энергиясынын баасы 0,77 сомду түзгөн апрель айынын бир нече күндөрү акы төлөнүүчү мезгилге камтылса, эсептөө кандай жүргүзүлөт деген суроо көпчүлүктү тынчсыздандырууда. Май айынын квитанциялары абонент керектөөнүн чегинен (лимитинен) ашканына же ашпаганына жараша, эки же үч цифрадан турат. Биринчи цифра – бул 2023-жылдын 1-майына чейин керектелген электр энергиясынын көлөмү, экинчи цифра – эсептешүү мезгили үчүн 700 кВт сааттан ашпаган 1-майдан баштап керектелген киловатт-сааттын саны. Үчүнчү цифра лимиттен ашык керектелген электр энергиясынын көлөмүн билдирет. Ширшовдун электр боюнча «капиталисттик» схемаларына таянган Ибраев кыргыз элин кууруп жегени калды.

Электр энергиясынын тарифтерин сактап калуу үчүн жаңы ГЭСтерди жок дегенде мини ГЭСтерди курууга камылга көрө башташ керек. Бул боюнча «муз ордунан жылып» мини ГЭСти куруу боюнча демилгелер колго алына баштады. Ширшовдун электр боюнча «капиталисттик» схемалары жашап жатса да, 2005-жылдан 2010-жылга чейин Кыргызстандын экономикасынын оор кырдаалдарына карабай Камбар-Ата ГЭСи курула баштаган. Бишкек ТЭЦин капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн эки долбоор каралып жаткан, бири 150 миллион долларга, экинчиси ТВЕА ишканасы 200 миллион долларга. Токтогул ГЭСинен Өзбекстан менен Казакстанды аралабай чет мамлекеттерден өз алдынча болуу үчүн «Датка-Кемин» долбоору жактырылып, ишке кирүү стадиясында турган, светтин тарифи 1 тыйындан 140 сомго чейин көтөрүлгөн убак болгон. 1990-жылдан 2005-жылга чейин 15 жыл, эч бир ГЭС курулган эмес. ГЭСтерди, ТЭЦти менчиктештирүү боюнча бийлик тараптан катуу аракеттер болуп, акыры эл бийликти кетирүүгө мажбур болгон. Гиперинфляциядан улам электрге болгон нарк 1 квтка 1 тыйындан көтөрүлүп отуруп 140 сомго чыккан. Улуттук валюта киргизилип акчанын наркы 200 эсе түшүп, 1 квтка 70 тыйындан айланган. 1 тыйындан 14 000 тыйынга (140 сом) көтөрүлүү менен элдин эң таянган өзүбүздөн чыккан электри кол жеткиз товарга айланган.

Союз убагында светтин тарифине «коммунизм» болчу, 1961-жылдан баштап СССР тараганга чейин доор, отуз жылга чейинки убакыт. Кыргызстан киши башына электр берүү боюнча, бир гана СССРде эмес, дүйнөдө алдыңкы орунга чыккан. Токтогул, Шамалды-Сай, Күрп-Сай, Үч-Коргон, Таш-Көмүр, Быстровка жана башка көптөгөн ГЭСтер, Бишкек ТЭЦ-1 курулган. ТЭЦ-2 курулуп бүтүп калган. Электрге болгон нарк 1 квт саатка эң төмөн 1 тыйындан болгон. Ал эми мугалим сыяктуу кээ бир бюджеттик кызматкерлер бекер пайдаланган. Раззаков Исхак 1950-жылдан 1961-жылга чейин 11-жыл Кыргызстан компартиясын жетектеген. Раззаков жетектеп жаткан учурда Аламүдүн, Лебединовка, Пржевальск ГЭСтери курулган. Ильич шамын көрбөгөн көп айыл-кыштактарды электрлештирген.

 

Ленин учурунда жазыптыр: «Коммунизм - бул совет мамлекетин плюс электрлештирүү» -деп. Атамбаевдин убагында коммунизмди болсо ортомчу фирмалар гана ойлоп калган. ГЭС салуу боюнча ойлор болуп, 2011-жылдан 2017-жылга чейин Жогорку Нарын каскаддарына ГЭС курам деп 38 млн доллар Орусиядан алынып жок болуп, мамлекет төлөмөр болду. Андан соң чехтердин аферист «Лигласс» фирмасы менен келишимдер түзүлүп, эл араң токтотуп калды. Ошол бойдон ГЭС курулган жок. 70 тыйынга түшүрүлгөн электр 2 сом 16 тыйынга көтөрүлгөн. Турдубаев министр кезинде өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев 2014-жылдын 20-ноябрында «Электрэнергиясынын 2014-2017-жылдардагы тарифи жөнүндө» № 660 Токтомго кол койот. Бул Токтомдун негизинде Жылуулук –энергетика комплексинде Мамлекеттик агентчилик (ГАРТЭК) түзүлөт. Казакстандан 1 квт/ саат электрэнергияны 5 сом 61 тыйындан импорттоп алып жатабыз дешип, электрге болгон тарифти көтөрүшүп, 700 квт/ сааттан өткөн ар бир квт/ саат электрэнергиясынын наркын 300 пайызка көтөрөт, электрэнергиянын баасы 2 сом 16 тыйын болуп калат.Ушунун айынан 2014-2015-жылы гана калк 2 млрд. 200 млн сом ашыкча акча төлөшкөн, андан кийинки жылдарды эсептебей эле койолу. 2016-жылдын январынан баштап Казакстандан 1 квт/саат да электрэнергияны алышкан эмес, бирок электрэнергияга болгон баа төмөндөгөн эмес.

ТЭЦти капиталдык ремонттон өткөзүү үчүн ТВЕА ишканасына 386 миллион доллар алып келинип Кытайга карыз болдук. ТЭЦтин экс-директору Нурлан Өмүркул уулунун билдиргенине караганда ТЭЦти ремонт кылууга 250-260 млн доллар эле жетмек, калганы ашыкча дейт. Соттолгон министр Кубанычбек Турдубаев 2015-жылы гана ТЭЦке жабдыктарды сатып алуу үчүн 200 млн доллар кетирет. Документтер боюнча аттиштер -620 долларга, 30 килограммдык өрт өчүргүчтөр -1600 долларга сатып алынат. №4 казан (котел) 20,7 млн доллар болсо, консультанттардын жардамы 5,9 млн доллар, жетекчилерге кеткен чыгым 14,4 млн доллар болгон. Унаага кеткен чыгымдарга 9,3 млн доллар, долбоор түзүүгө– 11,9 млн доллар, ошолорду окутуш үчүн гана - 845 миң доллар коротулган. Курулушту убактылуу электр жана суу менен камсыз кылыш үчүн 453 миң доллар кеткен.

ГЭС курулса мамлекетке жакшы болмок.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости