www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

23-майда Жогорку Кеңештин депутатары Байтиктин Бозбөлтөгүнө барып, ал жерде көчмө жыйын өткөрүп, тоонун абалы менен таанышышып, чоң иш жасашты. Эл өкүлдөрүнүн бул кадамы Байтиктин Бозбөлтөгүнүн тегерегинде жашаган 40тай айылдын тургундарынын көңүлүнө толо тургандай аракет болду. 

Депутаттар тоонун абалы менен таанышып, абал чындап эле өтө кооптуу экенине ынанышты. Тоонун айрым участкалары казылып кеткен. Айрым бөлүгү казылып бүтүп жатыптыр. Жайыт толугу менен жоголуу коркунучунда экенин эл өкүлдөрү өз көздөрү менен көрүп ынанышты.

Мамгеология жердин алдындагы кен биздики, жайытты билбейт экенбиз дегендей ийин куушурду. Казып жаткан компаниялар жайыт комитетине жылына 20 миң сом салык төлөйт экен. Казып жаткан трактор тоонун таманын казып бүтүп, өрлөп өйдө чыгып, тоонун белине чейин жетип калыптыр. Тегерегинин ашмалтайы чыгып бүтүптүр. 

Кум, шагыл казып, тоонун тамтыгын чыгарып байып жаткандар, төрт кытай компаниясы экени кеп болду. Шагыл, кум сатып, кирпич чыгарып, экологияны уруп ойношпой акчага маарып жыргап жатышыптыр. Кирпичтин баасы 11 сомдон кымбат сатылат экен.

Ал жердеги заводдордон чыккан түтүн өйдө көтөрүлүп Бишкек шаарынын үстүндө топтолоору айтылды. Бул заводдордун экологияга жана адамдардын ден-соолугуна чоң зыян алып келип жатканы сокурга дагы маалым болсо да, эч ким башым дебестен, кайдыгер мамиле кылышып, жергиликтүү элдин көкөйүнө көк таштай эле тийиптир.

Натыйжада, жергиликтүү эл президентке: "Экология бузулуп, балдарыбыз оорукчан төрөлүп жатат. Чаң жуткан балдар түгүл, өзүбүз ооруп жатабыз, бир айласын таап, Бозбөлтөктү казганды токтотуп бериңиз", - деп суранышкан. Тегеректеги эл комиссия келгенин  угуп, буюруса президент Садыр Жапаров Байтик баатырдын 200 жылдыгына арналган мааракеде, "тоону корукка алабыз" деп убада кылган Указдын чыгышына жакын калган окшойт дешип чоң үмүт артып жатышат. Чынында, Бозбөлтөк тоосу тарыхый мурас катары коргоого муктаж...

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости