www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыл үйрөткөн жагынан алдыга кеткен Бабановчул бир дипломат бар. Бабанов, Казакбаев добушу карыш баскан сайын жаңыра баштады. Учурда эмнегедир боло турган чоң толкунду күтүп бийлик элитасы курчуй баштады, толкуп чалкып, чамгарактап. Куда болушуп, өкүл ата болушуп жең ичинен биригүү бара –бара күч алды. Жапаров-Жээнбеков, Атамбаев –Бабанов, Муралиев-Салымбеков, Казакбаев- Сыдыков сыяктуу адамдар биригишип, чайналашып-чарпылышып туру. Бийликтегилер  камыр-жумур болушуп бириккени менен, арийне, бир казанда кайнабай турат. Ушундай учурда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев  уулун үйлөнтүп “Ала-Тоо” ресторанында чоң той берди. Тойго президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевден башка болгон чиновниктер барышты. Бакиевчи, Атамбаевчи, Жээнбековчу, Жапаровчу болушуп, башкача айтканда ак көз, кара көз дебей текши чогулуп катуу күүлдөштү. Канткен менен Руслан мырза мыкты дипломат эмеспи, эч кимди бөлбөй баарынын башын кошуптур. 

Тойдун шарапатына ылайык, уулуна Үсөн акенин уулу , Түштүккө кадыр-баркы кенен, “Ата-Журт” фракциясынын лидери Бакыт Сыдыковду өкүл ата шайлады. Биринчи баласынын өкүл атасы Өмүрбек Бабанов болчу.  Айтмакчы, тойдогу кызыктуу жагдай  Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиевге президент барбаган соң, мамлекеттеги экинчи адам катары сөз берилсе, “мен Ахматбек Келдибековдун алдында биринчи сөз сүйлөбөйм” деп койду. Бул көрүнүшкө ар ким ар кандай сын айтып, кошоматчы адам, өз даражасын, өз ордун, сыйын билбейт тура деп баш чайкашыптыр, ошол жердеги аттуу-баштуулар...

Лавров жана Козак менен тымызын иштей баштаган Казакбаев кыргыз саясатында Бабановдун изи менен кетери белгилүү. Оор мезгилдерде эки ирет тышкы иштер министри болгон Руслан Казакбаев саясаттын чордонунда роль ойной баштады. Албетте, ачык эмес. Москвадагы үлкөн достору Лавров жана Козак менен тыгыз байланышта болуп, тымызын түрдө катуу киришкендей... Эл аралык саясый айдыңда экс-министрди жогорку деңгээлдеги дипломат катары баалашаары, саясый салмагына жараша мамиле кылышаары ырас. Кыргызстандагы алдыңкы лидерлердин сап башында тураары калетсиз.

Ошон үчүн орустардын ордосунда аброю бийик болуп атат да. Мындай ыргак менен кете берсе, кыргыз саясатын өзгөртүүгө жетишеби? Баардык күчтөрдүн башын кошууга, бириктирүүгө жөндөмдүү экени, уюштуруучулук дарамети жетээри болжолдонууда. Бүйүр кызыткан бир маселе: Руслан Казакбаев өзүнүн саясый секириги үчүн иштеп атабы, же Өмүрбек Бабановду көтөрүү менен ээрге отургузабы? Мына ушул жагын да ажырата билүү керек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

Последние новости