www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иран Россия менен космос тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча меморандумга кол койду, эми тараптар спутниктерди куруу боюнча биргелешкен долбоорлордун үстүндө иштешет.
Бул тууралуу Ирандын космостук агенттигинин жетекчиси Хасан Саларийе билдирди.
"Иран менен Россиянын келечектеги кызматташуусунун алкактары акыры аныкталып, бүгүн эки өлкөнүн ортосунда кол коюлду, тараптар ар түрдүү тармактарда эң жакшы өз ара түшүнүшүүгө жетишишти", - деп билдирди Саларийе.
Кол коюу аземине Ирандын космостук агенттигинин жетекчиси Хасан Саларийе жана Россинын «Роскосмос» мамлекеттик корпорациясынын башкы директору Юрий Борисов катышты.
Эске салсак, 13-декабрда Ирандын Киш аралында "Iran Air Show 2022" Эл аралык авиация жана космостук көргөзмө старт алган. Ага «Роскосмос» мамлекеттик корпорациясынын башкы директору Юрий Борисовда катышкан.
"Россия менен Ирандын дүйнөлүк аренада тарыхый жакындашуусуна күбө баары күбө болуп жатат. "Роскосмос" мамлекеттик корпорациясынын авиасалонго катышуусу биз үчүн Ирандын дос элин, ирандык кесиптештерин, ошондой эле авиасалондун бардык эл аралык конокторун Россиянын космостук илим жана технология тармагындагы акыркы жетишкендиктери менен тааныштыруу уникалдуу мүмкүнчүлүк болуп саналат, - деген Борисов авиасалондун ачылыш аземинде.
Булак: NazarNews.kg