www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орус менен украиндиктер бир тууган эл, биз түрктөр көп бир тууганбыз, ал эми булар беларустарды кошуп, үчөө чыгыш славяндар. Бүгүнкү күнү Чыгыш славяндарды бири-бирине кайраштырып, мушташтырып коюп Батыш Украинага жардамын берип отурат. Бекер жерден НАТОнун башчысы Столтенберг: «НАТОдо ок-дары калбай калды» деп айгай салып отурган жок. НАТОнун өлкөлөрү өздөрүнүн ок-дарыларынын запастарын түгөтүштү. Бул тууралуу Түндүк Атлантикалык альянстын (НАТО) башкы катчысы Йенс Столтенберг Bloomberg агенттигине берген маегинде билдирди. Ушуга байланыштуу НАТОнун баш катчысы блокко мүчө өлкөлөрдү НАТОго жумшаган чыгымдарын ИДПнын 2 пайызынан кем эмес тез арада көбөйтүүгө жана коргонуу компаниялары менен көбүрөөк келишим түзүүгө чакырат: «Учурда шериктештер Украинаны колдоо үчүн өз запастарын түгөтүштү – бул туруктуу жол эмес, ошондуктан биз бул жаңы жана амбициялуу максаттарга жетүү үчүн өндүрүштү көбөйтүүбүз керек», - деди Столтенберг.
Раданын мурдагы депутаты Илья Кива өзүнүн Telegram-каналына Польшанын TVP1 телеканалы Украинаны картада бөлүп көрсөткөн сүрөтүн жарыялады. Кива ал Батыштын мурдагы Советтер Союзу өлкөлөрүнүн чек арасын өзгөртүүгө даярданып жатканын көрсөткөн белги экенин айткан: "Бул Польшанын телеканалы жарыялаган карта. Батыш эмнеге даяр экени жана биз буга чейин айтып жаткандын баары көрсөтүлгөн", — деп жазган экс-депутат.
Мурдагы депутат телеканал картаны кандай мааниде бергенин так айткан эмес. Кива жарыялаган сүрөттө байкалгандай, Польшанын курамында Украинанын Львов, Иван-Франковск, Волынь, Ровно, Тернополь облустары көрсөтүлгөн. Картаны түзгөндөр Румыниянын курамына Чернов облусун, Венгрияга Закарпатьени кошкон. Одесса, Николаев, Херсон, Запорожье, Днепропетровск жана Харьков облусу жана Донбасс Россияга киргендей көрсөтүлгөн.
Польша телеканалынын версиясы боюнча, эгемендүү Украинанын курамында өлкөнүн борбордук жана түндүк аймактары гана калган. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров НАТОнун аскерлерин Украинага жибериш керек деп жаткан Польша бийлиги бул мамлекеттин батышында орун алгысы келгенин айткан. Бул иш-аракет түздөн-түз Орусия менен альянстын кагылышуусуна алып келет.
Буга чейин АКШ президенти Жозеф Байден Украина аймагынын бир бөлүгүнөн баш тартуу боюнча чечимди өзү кабыл аларын айткан. Бирок ал Украина мындай кадамга барбайт деген ишенимин билдирип, боолгологон. Орусия Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операциясын 24-февралда баштаган. РФ Куралдуу күчтөрү аскердик инфраструктураларга жана украин аскерлерине гана сокку уруп жатканын билдирүүдө.
Москвага украин учкучсуз аппараттары менен чабуул коюулду. Россия президенти Владимир Путиндин бул тууралуу билдирүүсү Кремлдин сайтына жарыяланды: “Согушту 2014-жылы биз тутандырган жокпуз, киевдик режим Донбасста баштады. Украинанын чоңдору колдонуп жаткан каражаттарды биз колдонбойбуз. Муну Москвадагы жай тургундар жашаган объектилерге чабуул жасаганы көзгө сайып тастыктап турат”, — деди Путин.
Ошондой эле ал Орусиянын армиясы Украина Куралдуу күчтөрүнөн айырмаланып аскердик инфраструктураларга гана таамай сокку уруп жатканын белгиледи. Анын арасында жакында эле сокку жеген Украинанын аскердик чалгындоо штабы бар экенин айтты: “Киевдик режим турак жайларга сокку уруу менен Россияны, анын жарандарын чочутууга аракет кылуу жолун тандады. Бул, албетте, террордук ишмердүүлүктүн ачык белгиси. Россиянын реакциясын көрүү жана өзүнө окшоп жооп кайтарууга чагым жасоо аракети тынчсыздандырат. Муну Украина эли түшүнүшү керек”, — деди РФ президенти.
Украина Москвадагы имараттарга учкучсуз аппараттар менен чабуул жасады. Сегиз дрон тартылып, бешөөнү Подмосковьеде зениттик курал комплекси атып түшүргөн, үчөө радиоэлектрондук каражаттар менен иштен чыгарылган. Тергөө комитети террористтик акт тууралуу кылмыш ишин козгоду.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg