www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда быйыл январь-май айларында 2022-жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү 4,3 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.
Маалыматка ылайык, баалар алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге 6,5, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга 3,2, азык-түлүк эмес товарларга 4,9 пайызга көтөрүлгөн. Ал эми калкка көрсөтүлгөн кызматтардын тарифтери 5,2 пайызга жогорулаган.
Баалардын жана тарифтердин жогорулашы өлкөнүн бардык региондорунда байкалды. Максималдуу өсүү (8,2 пайызга) Нарын облусунда катталган. Мунун себеби тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын (6,5 пайызга) наркы башка региондорго салыштырмалуу жогорулашы менен шартталган.
Булак: NazarNews.kg