www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жагынуунун жолун үйрөнүп, 2014-жылы «Республика» партиясынын лидеринин орун басарлыгына жеткен. 2011-жылы Бабанов жетектеген «Республика» партиясы менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Акылбек Эшимов кекиртегине чок түшүп кетип 11-ноябрга чейин камакка алынган. Майдын аягында Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин кезексиз жыйынында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Акылбек Эшимовду кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу маселе каралып, колдоо тапты.Комитеттин чечими эми парламенттин жыйынында каралат.
Белгилей кетсек, Эшимов 2021-жылдын 11-сентябрында ири суммадагы шылуунчулук жасаган деген шек менен кармалган. Ага Жазык кодексинин «Алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. «Эшимов А.Д. аттуу адамга 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо ат салышкан «Кыргызстан» партиясынын алдынкы бештигине өткөрөм деп убада берген. Бул үчүн БШК мүчөсү «партия лидерлеринин бири» менен 550 миң доллар алып, бирок сөзүнүн өтөсүнө чыга албай, 300 миң долларын кайтарып берген», — деп билдирген УКМК.
Ал эми 2022-жылы май айында Акылбек Эшимов Биринчи май райондук соту тарабынан акталган болчу. Эшимовдун баш коргоо чарасы 11-сентябрда каралган. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен УКМКнын СИЗОсуна 11-ноябрга чейин камакка алынды. Бабанов президентке талапкер болгон 2017-жылы анын колдоосу менен Шайлдабекованын БШКдагы орун басары болуп ушул күнгө чейин иштеп жаткан. Көрсө ал былгытып ар бир талапкерден акча алып жүргөн экен. Шакинин «Кыргызстан» партиясына депутаттыкка өткөрөм деген былыгынын бети ачылды. Борбордук шайлоо комиссиясы Акылбек Эшимовдун кармалышына байланыштуу билдирүү жасады: “БШКнын мүчөлөрү партиялардын талапкерлерин сунуштай албайт. Боршайком партиялардын мындай иштерине киришүүгө укуксуз. Саясий партиялардын талапкерлердин тизмесин түзүү иши – партиянын ички жумушу. Алар талапкерлеринин тизмесин өздөрү түзүп, курултайында бекитет”, – деп жазылган маалыматта.
Анда Акылбек Эшимовдун иши тиешелүү органдар тарабынан калыс каралып, иликтенет деген ишеним кошумчаланган. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кылмыш кодексинин 204-беренеси (“Ири өлчөмдөгү алдамчылык”) менен шек саналып кармалып, камалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 11-сентябрда маалымдаган.
Атайын кызматтын кабарында Эшимовго каршы арыз түшкөнү, кайрылган адам БШКнын мүчөсү “Кыргызстан” саясий партиясынын лидери менен кошо 550 000 доллар алганын билдиргени айтылган. Акча 2020-жылы, июнь айында парламенттик шайлоого катышуучу партиялык тизмеде алдыңкы беш орундун ичине кошуу убадасы менен алынганы, ал сөз ишке ашпай калгандан кийин акчанын 300 миң доллары гана ээсине кайтарылганы белгиленген.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту БШКнын мүчөсүн эки айга УКМКнын тергөө абагына камоого чечим чыгарган.
Акылбек Эшимов 1976-жылы 9-апрелде Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кашкар-Кыштак айылында туулган.
Билими:
Эмгек жолу: