www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кепке мамлекеттик ишмер, чыгырмачылыгы чымын эмес, көгөн сымал быжылдап кайнап турган Мелис Арыпбекти тарттык. «Маркс, Энгельс, Ленин и Сталин» кыргызчалап кыскартсак МЭЛиС  болот, ушундай зор адамдарды көөдөнүндө батырып жүргөн Мелис байкеге суроолорду узаттык:

-Владимир Путин Сочиде КМШ менен ЕАЭБдин  өкмөт башчылары менен жолугушкан соң, биздин Минкаб Акылбек Жапаров көктү карап калыптыр дешет. Мурун Назарбаев менен Токаевди тооруп жүргөн Акылбек Жапаров Путин менен эмки президенттин тагдырын чече келгендир....

-Орундуу жана олуттуу, керек болсо, өзөктүү суроолор экен. Сочидеги жолугушуу, бул учурдун талабы. Ал жагы түшүнүктүү, ак менен кара күчтөрдүн кагылышуусу аппогейине жеткен учурда, Путин кимдердин ким экенин аныкташ үчүн, шашылыш жолугууларды уйуштуруп жатат. Андыктан, бул эл аралык жыйында, абдан маанилүү курчуп турган маселелер каралды. Орусча айтканда "Быть или же не быть в создавшейся борьбе?" - деген суроо турат. Албетте, биз үчүн РФ менен биргеликте иш алпаруу абдан тагдырлуу маселе.

-Кахов ГЭСи жарылып орустар украиндерди, украиндер орустарды күнөөлөп жатып калды. Сиздин оюңузча бул ГЭСти ким жардырды...

 -Каховду бендерчи фашисттик хохолдордун марионеттик бийлиги жардырды. Себеби, биринчиден, дал ушул суу сактагычтан Крым жарым аралы жашап жатат. Андыктан, орустар эч качан өз кудугун жардырбайт болчу.

-Биз сөз кылып жаткан Жапаровдор темасына келсек. Орусиянын көз карашы Акылбек Жапаровко кыйшык эмес дешет. Балким ушундан улам Жапаровдор ортосунда билинбеген чок тутанып, Акылбек Жапаров өкмөт башчылык кызматынан айрылып калаар...

-Эки Жапаровдун ортосундагы бийликти талашуу тууралуу. Эми бул дагы болсо, чыгыш элине байыртадан таандык жана белгилүү көрүнүш. Акылбек Жапаров атына заты жарашып, абдан акылдуу жана такшалган, далайды көргөн арзымат. Ага караганда, Садыр Жапаров дагы канында амалкөй айлакерлик канчалык кайнап турбасын... А бирок, Садырдын билим денгээли, демек, азыркы ааламдашкан сайасаттан абдан алыс. Себеби, Садыр Жапаров, орустардын "Бей своих, чтобы чужие боялись" - деген принцип менен иш жүргүзүп жаткандай. Буга далил катары, аны ушул бийик такка алып келгендерди кодулап коркутуп, камап жатат. Андыктан, Садыр Зеленскийге окшогон артистин ролун аткарып жатат. Кимдер аны түрмөдөн чыгарып, бийлик башына алып келсе, ошолордун ырын ырдап,бийлеп турат. Андыктан, албетте, ортодо көрүнбөгөн тынымсыз тирешүү согушу жүрүп жатат. Бул жерде, кимиси утат же утулат? Камчыбек Ташиевтин тандоосуна жараша болот. Реальный бийлик азырынча Камчыбек Ташиевдин колунда. Анда топтолгон компромат толтура. Ошолордун бирин эле элге жеткирсе, анда Жапаровдор жайланып калышат.

Маектешкен: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

Последние новости