www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Евротанкка таянып алган  Зеленский

Бүтпөс согуш башталды, эми муну НАТО аягына чыгарбайт, бирок Орусиядан чоочуп турат. Орусиядан чоочуганы Москвада ядролук бомба быкпырдай кайнап турат, кокус Путиндин жинине тийсе дүйнө ала –салып кетет. Украинаны  куралдандыруу үчүн АКШ менен Европа танктарды жөнөтүп жатышат. Германиянын «Леопард 2» деген танктары марттын аягында келсе, Улуу Британия Украинага төрт Челленджер 2 танкасын жөнөтүүнү чечкен. Украинанын президенти Зеленскийди ташыган учак Британиянын борбор шаары Лондондун Стэнстед аэропортуна конду. Зеленскийди аэропорттон Улуу Британиянын премьер-министри Риши Сунак тосуп алды. Бул тууралуу Сунак социалдык медиа баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө: "Улуу Британияга кош келипсиз президент Зеленский" деп жазып фотосүрөт бөлүштү. Зеленский 24-февралда Орусия-Украина согушу башталгандан бери биринчи жолу Британияга барды. Украин лидери биринчи чет өлкөгө сапарын 2022-жылдын декабрында АКШга жасаган. Американы кылчактаган "клоун" Зеленскийдин жашыруун кадамдары, мамлекетине болгон чыккынчылыгы аз кундөрдө бети ачылганы калды окшойт. 

Бул ортодо Британ өкмөтү Орусия менен түз тирешүүгө даярдануу үчүн коргонуу чыгымдарын көбөйтүүсү керек. Суровикин келгени Украинада абал өзгөрүлгөн орустар чабуулга өтө баштады. Экстрансенс Шойгу да оозун ачып Украинага мурун эле чабуул жасай бербей деп тишин кырча тиштенип калды. Зеленский каякка качуунун амалын издей баштап айласыз тыштын келе турган танктарга жамына баштады. Мамлекеттик Думанын Крым облусунан шайланган депутаты Михаил Шеремет Владимир Зеленскийдин саясатчы катары күндөрү саналуу экенин айтып, ага качуу тууралуу ойлонууну кеңеш кылды: «Криминалдык Киев режими мындан ары анын батыш кожоюндарына керек болбой калат, Зеленский жана анын коррупциялашкан клиби башаламандыкка учураган Украинадан качууга аргасыз болот», - деди парламентарий берген маегинде.

Буга чейин АКШ бийлиги Украинанын президенти Владимир Зеленскийди коопсуздук максатында Киевден Львовго кетүүгө үндөгөнү кабарланган. Америкалык бийликтердин кайсынысы украин лидерине борборду таштап кетүүгө кеңеш бергени тактала элек. Мындай сунуш кандай өзгөчө кооптонуулар менен байланышканы да билдирилген эмес.

Дүйнөдөгү азыркы кырдаалга жана Украинадагы окуяларга, анын ичинде атайын аскердик операцияга аныгында Орусия эмес, Батыш алып келди. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин билдирди: "Учурда дүйнөдөгү кырдаалга жана Украинадагы окуяларга биз эмес, Батыш алып келди. Ал жактагы мамлекеттик төңкөрүшкө жана атайын аскердик операцияга биз жеткирдикпи? Жок, биз ал нерселерди жасаган жокпуз", — деди Путин.

Ошондой эле ал Түндүк Атлантика альянсы (НАТО) көптөн бери Украинанын аймагына жайгашып, ээлей баштагандыгын белгиледи. АКШ себепкер болгон Украина каатчылыгы Европа мамлекеттерине катуу сокку урду. Кокус Кошмо Штаттарда өтчү шайлоодо республикачылар утса, Евробиримдиктин абалы ого бетер кыйындайт. Бул тууралуу Кытайдын Global Times басылмасына таянып РИА Новости жазды. "Украина каатчылыгы Батыш мамлекеттерин алсыратты. Еврозонада инфляция рекорддук көрсөткүчкө жетип, энергетикалык абал начарлап жатат", — деп айтылат макалада.

Украинага берилген жардам демократтар менен республикачылар ортосуна ого бетер жик салып, дал ушул маселеленин айынан пикир келишпестиктер ырбап жатат. Сентябрда Республикачылар партиясынын өкүлү Лорен Бойберт АКШ акча берген банкомат эмес экенин айткан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

 

Последние новости