www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токмокто мыйзамсыз майнинг-ферма аныкталды

Токмок шаарынын аймагынан мыйзамсыз майнинг-ферма аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Ведомствонун басма сөз кызматынан белгилешкендей, Чүй облусунун Токмок шаарынын Шамшы көчөсүндө жайгашкан "Автотранспорт айдоочулар союзунун Токмок шаардык кеңеши" коомдук бирикмесинин гараждык кооперативинде мыйзамсыз түрдө криптовалютаны чыгаруу боюнча иш жүргүзгөн майнинг-ферма аныкталган.

Токмок шаардык салык кызматынын, райондук электр станциясынын кызматкерлеринин жана 1988-жылы туулган Д.Т.А. аттуу кыргыз жарынын катышуусунда гараждардын ичинде жайгашкан жер төлөөлөрдөн "S9" жана "L3" үлгүсүндөгү 24 даана криптовалюта жабдуулары табылып алынды.

Ошол эле учурда бул жабдуулар электр эсептегичтерин айланып өтүп, Токмок электр бөлүштүрүүчү зонанын тармагына түз кошулган.

Алдын ала маалыматка ылайык, электр энергиясын пайдалануу мөөнөтүнүн негизинде мамлекетке 1 млн сомго жакын зыян келтирилген.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости