www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Англичандар Риши Сунактын чоң аталарын замбирекке таңып коюшуп атышкан. Англиянын королуна баш ийген Британдык Индияга Индия, Пакистан, Бирма жана Бангладеш кирген. Бул колонияны англистер басып алышып 1858-жылдан баштап колония катары эзип келишкен. Индус Риши Сунак индиялык расанын биринчи премьер-министр буларды англистер канчалык баш көтөрбөй келсе да, эми индустардын колу бул өкмөттү башкарууга жетти. Англиянын королуна баш ийген Британдык Индияда көп ирет атайылап жасалган ачарчылыктар болуп турган 1876 -1878 жылдары Улуу ачарчылыкта 10 млндон көп адам, 1899-1900 жылдары Индиялык ачарчылыкта 10 млн адам кырылган. 1920 жылы холера боюнча пандемия болуп 10 миң англичан жана индиялыктар эсеби жок кырылган.1817-1860 жылдары холерадан 15 млн адам, 1865-1917 жылдары 23 млн адам кырылган. Чумадан Британдык Индияда 16 млн адам жок болгон.

Улуу Британиянын падышасы Чарльз III индус Риши Сунакты жаңы премьер-министр кылып дайындады. Ага жаңы өкмөттү түзүү тапшырмасы берилгенин Sky News кабарлады. Сунак Британиянын консервативдик партиясынын башчысы болуп шайланды. Общиналар палатасынын лидери Пенни Мордаунт өзүнүн талапкерлигин алып салганын жарыялагандан кийин ал кызматка талапкер болгон жалгыз талапкер болуп калды.

Риши Сунак Букингем сарайында падыша Чарльз III менен болгон аудиториядан кийин расмий түрдө премьер-министр болду. Падыша менен жолуккан соң жаңы премьер-министр Лондонго кайтып келип, Даунинг-стрит кеңсесинин алдында сүйлөдү. Сунак падыша Чарльз III тарабынан дайындалган биринчи премьер-министр жана быйыл Британиянын үчүнчү премьер-министри болду.

Улуу Британиянын экс- финансы министри башкаруучу Консервативдик партиянын жаңы лидери болуп шайланды. Ал жакын арада Лиз Трасстын ордуна премьер-министр болуп калат. Консервативдик партиянын жаңы лидерин шайлоо боюнча партия мүчөлөрүнүн добуш берүүсүнүн жыйынтыгы дүйшөмбү күнү жарыяланды. Ага ылайык каржы министри Риши Сунак жеңип чыккан. Шайлоо алдындагы үгүт иштеринде Риши Сунак Британияны каптаган энергетикалык кризис менен күрөшүү үчүн кескин чараларды кабыл аларын убада кылды. Ошол эле учурда ал премьер-министр катары Украинаны колдой турганын, Орусияга каршы турарын билдирди.

Июль айында Борис Жонсон премьер-министрликтен кетүү ниетин билдирген.Борис Жонсон 2019-жылы премьер-министр Тереза Мэй отставкага кеткенден кийин Консервативдик партияны, аны менен бирге британ өкмөтүн жетектеп калган. Ал партияны парламенттик шайлоодо азыркы тарыхындагы эң жакшы жыйынтык менен жеңишке жеткирди. Андан кийин бул орунду алган Элизабет Трасс буга чейин Улуу Британиянын тышкы иштер министри болуп иштеген. Трасс партиянын лидерлиги үчүн болгон жарыштын жүрүшүндө мурдагы премьер-министр Борис Жонсондун курсун улантууну жана Орусиянын агрессиясына каршы күрөшүүдө Киевге жардам берүүнү убадалаган. Украинанын президенти Владимир Зеленский Трассты жаңы кызматка киришкени менен куттуктап, аны өлкөгө келип кетүүгө чакырды. Даунинг-стриттин басма сөз катчысы Улуу Британиянын премьер-министри бул чакырууну кабыл алганын билдирген.

Коргоо министри Бен Уоллес – жаңы өкмөттө өз ордун сактап калган саналуу министрлердин бири болуп калган. Ал бул кызматта 2019-жылдын июль айынан бери иштеп келет. "Би-Би-Си" андан бери Уоллес Украина маселеси боюнча жүргүзгөн саясаты үчүн британ жарандарынын колдоосуна ээ болгонун жазган.

Улуу Британиянын жаңы ички иштер министри болуп Суэлла Браверман дайындалган. Буга чейин ал башкы прокурор кызматында иштеген. Браверман жаңы кызматында юридикалык маселелерге кабылган мигранттарды Руандага депортациялоо боюнча өкмөттүн планын иштеп чыгышы керек болот.

Буга чейин бизнес иштери боюнча министр болуп иштеген Квази Квартенг Каржы министрлигине башчы болуп дайындалган. Квартенг шамалдын, күндүн энергиясы жана өзөктүк энергетика сыяктуу энергиянын кайра жаралуучу булактарын активдүү колдойт. Жаңы өкмөт калктын электр энергиясы үчүн болгон карызын төлөөгө жардам катары бир нече миллиард доллар бөлөт деп күтүлгөн. Квартенг Трасстын жакын санаалашы жана курбусу катары белгилүү.

Жаңы премьер-министрдин дагы бир көптөн берки саясий тарапташы Саффолк Коутал саламаттык сактоо министри жана вице-премьер кызматтарына дайындалган. Элизабет Трасс премьер-министр кызматы үчүн болгон шайлоодо Консервативдик партиянын мүчөлөрүнүн 57,4% добушун алган. Лиз Трасс 44 күн гана премьер-министр болгон, ошондой эле экономика үчүн жаңы "сатып алуу планы" боюнча сынга кабылып, өкмөт аны ишке ашыруу үчүн мамлекеттик карызды көбөйтөт деп чочулап, кызматтан кеткен.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости