www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бир депутатка 18 миллион 836,5 миң сом жумшалса, мындай ит бекер акчага Шайлдабекова баш болгон БШК кол чаап сүйүнүп жаткан учуру. Мындай катуу «ат чабышка» спикер Нурлан Шакиев баш болгон парламент колдорун ушалап камданып жаткан учуру. Жаныбек Абировдун ордуна №26 Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоого 18 миллион 836,5 миң сом жумшалат. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясы сүйүнчүлөдү. Каражат шайлоого даярдык жана аны өткөрүү иштеринин чыгымдарына, шайлоо комиссияларын ачуу, техникалык жактан жабдуу, тартылган адистерге эмгек акы төлөөгө берилет. Мүмкүн Шайлдабекованын «чөнтөгүнө» да жөрмөлөп кирип кетиши ыктымал. Кантип анын чөнтөгүнө кирбесин бекер жеринен обон созуп ырдап атпагандыр.
Ленин районунан шайланган Жаныбек Абиров мушташкан окуясынан кийин кызматын мындан ары аркалоого моралдык укугу жок экенин айтып мандатын тапшырган. Мындан улам мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майга белгиленген. Учурда талапкерлерди каттоо журуп жатат. БШКнын маалыматына ылайык, шайлоого катыша турган талапкерлердин саны жетиге жетти.
Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында эл өкүлү Жаныбек Абиров мандатын тапшырганына байланыштуу, кесиптештерине ыраазычылык ирээтинде кайрылуу жасады. Анда ал жаңылып калганын баса белгилеп, болуп өткөн чырдуу окуядан кийин, Жогорку Кеңешти да ыңгайсыз абалга койгонуна кейиди. ЖК депутаты Жаныбек Абиров кафедеги мушташтан улам депутаттык мандатын өз арызы менен тапшырып берген.
БШК Жаныбек Абировдун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда тапшыруу боюнча арызын карап, канааттандырган. Бишкекте Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жаныбек Абиров катышкан мушташ боюнча кармалган 2 шектүү үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, жабырлануучу шектүүлөргө карата жеке айыптардан баш тарткан.
12-мартта социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун мушташып жаткан видеосу тараган. Жабырлануучу Октябрь РИИБине арыз менен кайрылган. Жабырлануучу Улуттук госпиталга баш мээнин жабык жаракаты диагнозу менен ооруканага жаткырылган. 13-мартта Бишкектеги мушташка шектүү эки жаран (1988-жылы туулган П.Э. жана 1987-жылы туулган А.Д.) кармалган. Бул факты тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда бул окуянын бардык катышуучулары аныкталып, иликтөө иштери уланууда.
Президент Жапаровго мушташуу жана Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров тарабынан жарандын сабалуу фактысы тууралуу маалымат берилген. Башкы прокурор Жогорку Кеңешке Жаныбек Абировду айыпкер катары тартууга макулдук алуу жөнүндө сунуштама киргизген.
Жаныбек Абиров 27-мартта депутаттык мандатын тапшырган. Социалдык тармактарда 27-мартта мандатын тапшырган Жаныбек Абиров менен жабырлануучу жолуккан видео тараган. Видеодон Жаныбек Абировдун жабырлануучудан кечирим сурап жатканын көрүүгө болот. Ал эми жабырлануучу да түшүнбөстүктөр болуп кеткенин айтып, «кечирдим» деп кол алышкан.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg