www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аскар Акаев –көпчүлүк иштөө мөөнөтү Борис Ельциндин убагына туура келет. Бокең грандуу стакан менен басып алган соң барабан ойногусу келчү дешет. Барабан алып келишсе, ага болбой Акаевдин башын барабан кылам деп убара кылчу дешет. Путин менен беш жыл иштешип калды. Вокең жаңы саясатка аралашып жатканда 2001-жылдын 11-сентябрдагы Кошмо Штаттардагы террористтик жардыруулардан улам, алардын авиабазасы «Гансини» Кыргызстанга кийирип авиакеросиндерди бизнес кылып Өмүрбек Бабанов, Сапар Исаков сыяктуулар чириген байларга айланышты. Акаев болсо Путин жөтөлүп койсо селт этип чоочуп кетчү.

Курманбек Бакиев –Путин менен үч жылдай иштешип калды, 2008-жылдан Орусияга Дмитрий Медведев президент болот. Өндүрүшчү Бакиев Камбар- Ата-2 ГЭСин кура баштаган, Орусия 2 млрд доллар жардам бермек. Экинчи мөөнөткө президенттик инаугурациясын өткөрөр алдында ЖККУнун саммити болуп Медведев, Лукашенко, Назарбаев, Рахмон сыяктуу президенттер келишип, тойлоп кетишти окшойт. Бакиев жалгыз гана Орусиянын көзүн карабай Кытай, АКШ менен кызматташып, көп полярдуу саясат жүргүзгөнү, акыры анын бийлигинин түбүнө жетти.

Роза Отунбаева – президенттик маалында Путин өкмөт башчысы эле. 2010- жылы 18-20-ноябрда Санкт-Петербург шаарында премьер-министрлердин жыйыны болгон. Бул жыйынга техникалык өкмөттө премьер жок болгондуктан президент Отунбаева катышкан. Кыргызстанда СДПК, «Ата-Мекен», «Республика» партиялары өкмөт түзө албай чанжырап турган. Путин мындай парламентке катуу ачууланып, мындай парламенттен көрө сиз башкара бериңиз деп Отунбаевага айтканы бар. Экинчи «попыткада» «Ата-Журт» партиясы кийлигишип, парламент сакталып калган.

Алмазбек Атамбаев –мамлекет башында турганда Кыргызстан Орусия Федерациясынын бир субьектисинин милдетин аткарып калган. Орусия Кыргызстанды каалагандай калчады. 38 миллион долларга Жогорку Нарын мини ГЭСин куруп берем момпосуй бере тургансып алдады. «Кыргызгазды» 1 долларга сатып алды, бирок Өзбекстанга болгон көз карандылыктан кутулдук. 2016-жылы Үркүндүн 100 жылдыгына келди эле Алмазбек Шаршенович беркиден бастырып алган окшойт, «дос» деп  Путинди кучактап жүдөтүп жиберди. Путин «досу» Атамбаев камалган соң көңүл деле бурган жок.

Сооронбай Жээнбеков –Путин менен жакшылап таанышкыча кызматынан айрылды. Сооронбай Шариповичтин президент болгонуна көздү ачып-жумгуча үч жыл болуп кетиптир. Ушул жылдары олуттуу эмнелер бүттү? Завод, фабрика,  ГЭСтер курулган жок. Владимир Путин менен көрүшпөй калса сагынышып кетеби, улам-улам барып жатып эшигин жыртты. Ал эми Дональд Трамп менен 2018-жылы сентябрдын аягында Бириккен Улуттар Уюмунун жыйынында жолугуп келген. Кыргыз Нью-Йоркко барса да кыргыз. Көөкөрдү көйкөлтүп көтөрүп алышат экен. Бой, келбети жагынан Трампка тете биздин  президент анча-мынча президенттерди алдыга салбайт окшойт, анын үстүнө көтөрмөлөгөн көөкөрү бар эмеспи. Орустар барышса «самогонун» салып алган деп ойломокпус, казактар «шубатын», грузиндер «ча-часын» салып алмак, биз болсо көөкөргө толтура кымызды куюп алабыз.  Деги кымызыбыз АКШга жеткиче ачып-кычып кетпесе болду. «Кызды сураганга бер, кымызды ичкенге бер» дейт, кыз берели десек, Трампка кайсы кызыбызды беребиз, ансыз деле кыргыз эли салыштырмалуу азбыз, ал эми кымызды Трампка бере берсе болот. Кийин Трампы да тыркыйып президентке жарабай калды.

Садыр Жапаров –Путин бийлик алмашуудан соң көңүл бургусу келбей жатты эле. Аны туурап анын көзүнүн агы менен тең айланган президенттер да. Бирок президенттер менен болгон онлайн-жыйында Садыр Жапаров чечкиндүүлүгүн көрсөтүп, Путин менен телефон аркылуу жекеме-жеке сүйлөштү.  Ушундан соң  Орусиянын Кыргызстанга болгон мамилеси жакшы жагына айланып бараткандай. Бүгүнкү күнү Путин менен мамилеси түзүк. Путин дайыма майрамдарда куттуктап турат.

Аскар Акаев 1944-жылы туулган, ал 2005-жылы 61 жашын татыктуу белгилеген жатса, кара басып революция болуп кетип, бийлик алмашат. 1949-жылы туулган Курманбек  Бакиев 2010-жылы 61 жашка толмок,аны да туулган күнүнө жеткиришкен жок. 61-жашында 1950-жылы туулган Роза Отунбаева инаугурация менен 2011-жылы Атамбаевге президенттигин өткөзүп берди. 1956-жылы туулган Алмазбек Атамбаев 2017-жылы жандосу Жээнбековго 61-жашында президенттикти өткөздү. 1958-жылдын 16-ноябрында туулган Сооронбай Жээнбеков бийликтин жаңыдан кызыгын көрө баштаганда Жээнбеков  61-жыл 11 ай болгондо бийлигин башаламандык менен тартып алышты. Негизи кыргызда алтымыш бир жаш символикалуу дайыма президенттер алтымыш бир жашында бийликтен кетип жүрүшүп, бардыгыбыз 55 жаштагы Садыр Жапаровду жал-жал карап эми эмне болуп кетер экен деп турабыз. Эгер ушул төлгө ишке аша турган болсо, анда Садыр Жапаровго дагы алты жыл бар.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости