www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда мектеп, лицей жана жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн кышкы каникул 17-январга чейин узартылды.

Бул тууралуу Өзбекстандын Жогорку билим, илим жана инновация министрлиги билдирди.

Кышкы эс алуу 9-январга чейин белгиленген. Бирок 10-15-январда катуу суук болору күтүлүп жатканына байланыштуу каникул узартылды.

Өлкөнүн бала бакчаларында 10-18-январь аралыгында кезектен тыш дем алыш жарыяланды.

Буга чейин Өзбекстандын гидрометеорология кызматы шашылыш билдирүү жасап, 10-январдан тартып катуу суук болорун эскерткен. 

Тактап айтканда, 9-январдан 11-январга чейин өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан, кар жаайт. Айрым жерлерде кар калың жаашы мүмкүн. 9-10-январда кээ бир аймакта катуу шамал болот.

Ошондой эле, 10-январдан 15-январга чейин катуу суук болору күтүлүүдө. Абанын температурасы түнкүсүн −12…−17, күндүз −5…−8 градус болот. Өлкөнүн түндүгүндө абанын температурасы түнкүсүн −17…−22 градуска чейин төмөндөйт. Чөлдүү аймактарда түндө −25…−27, күндүз −7…−10 градус болот. Ал эми түштүктө жана Фергана өрөөнүндө түндө −5…−10 , күндүз −2…−5 градус болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости