www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алаамат ааламды бүркүп, согуш оту жанып 1941-жылы 22-июнда Улуу Ата-Мекендик согуш башталат. Согуш өрт, картадагы ар бир миллиметрди маршалдар менен Сталин жылдырганда, канча миңдеген адамдарды курмандыкка чалып атат? Согуш бүткөн соң согуштун кыйынчылыгын көргөн катардагы адамдар өз иштери менен алек болуп, маршалдар пайдасын көргөн. Ушундай катардагы жоокердин бири Армиянын генералы кийин маршал болгон Рокоссовский башында турган Белорус фронтунда согушкан Эсенбаев Келдибек тирүү болгондо 100 жашка толмок. Ал кылым мурун 2023 жылы кышкы чилде башталганда жарык көргөн. Илгери кыргыздар туулган күнүнө байланыштырып ысымын койо берген. Чилдеде туулгандыгы үчүн башка бирөө болсо «Чилдебек» деп ат коюп коймоктур. Эсенбай уулуна «Чилдебек» эмес «Келдибек» деп коюптур. Согуштун азап-муңун, жаракатын тартып жүрүп 2015-жылы 21-июлда жарык дүйнө менен кош айтышкан.
Колхоздоштуруу мезгилинде анын атасы Эсенбай бийди кулакка тартып, өзүн бала кезинде эле мектептен чыгарып жиберип таякеси Жайлообайдыкында кой кайтарып жүрөт. Бул тууралуу атам көп айтчу ал мектептен чыккан соң таякеси Базарбай атка учкаштырып алып кетип маңдайынын сылап мактап, анан балалыгы кой кайтарып өткөнү тууралуу. Кээ бир учурда үйүнө келип калса атасы Эсенбай койнуна алып жатып көп нерсени кобурап берчү экен. Көп нерселерди атам эсине түйүп калыптыр.Куржун толтура бир нерселерди ала барганда атасы Эсенбай жетине албай калчу дейт.
1937-жылы Кара-Сууга мектепке келет. Ал кезде мектеп директору Карыбек экен. Бул Эсенбай эсепчинин баласы эмеспи, өздөштүрүп кетет деп, башка класстарды окутуп отурбай эле, түз эле жетинчи класска отургузат. Атам ошол жылы окуунун мыктысы катары Нарын шаарына барып облустун мактоо баракчасына татыктуу болот. Ошол Нарынга барганда момпосуйду биринчи көргөн экен, таттуу экен деп жей берип,окшуганын айтып калчу.1938-жылы жети жылдык мектепти аяктар менен ошол мектепке эсеп сабагынан мугалим кылып коюшат. Бир жыл өтпөй 1939-жылы Кара-Суу жети жылдык мектебине окуу бөлүмүнүн башчысы болот. Ал кезде Турдакун Усубалиев да завуч экен. Өзү жаш,зээндүү бирок билими жетишсиз деп Нарын шаарындагы педучилищадан сырттан окуп 1940-жылы бүтүрөт.
Согуш башталганда кылым таяп жашап калган Эсенбай каза болот. Үзүлөр алдында бул алаамат узакка созула турган болуп баратат. Бала-бакырам аман-эсен кезинде ашымды кошуп берип кеткиле” - деген экен. Эсенбайдын көзү өткөндө бала –бакыралары Намазбек, Надырбек, Турдубек, Келдибек, Ополоң, Турумбектер бар экен, Эсенбайдын керээзин аткарышып коюшуп, кыркы, ашын берген соң чилдей тарашып бири согуш майданында көзү өтсө, бири тылдагы кара жумушта жүрүшүп жок болушат. Ал кезде орус-финн согушу, Монголияда согуш болуп кыска эле болгон. Ошондуктан, элдин оюнда бул согуш бир-эки ай болор деген үмүт бар эле.
Эсенбаев Келдибек согушка аттанганда башкаларчылап түз эле алып кеткен эмес. 1942-жылдын августунда атам Улуу Ата-Мекендик согушка жөнөгөн. Алгач Түркмөнстандын Кушкасында 2-3 ай командирликке окутуп, анан Бишкек аркылуу өтүп Саратовго кеткен экен. Анын, мектеп директору катары жана башка бир туугандары бүт согушка жана тылдагы эмгек лагерине аттанып, жалгыз бала катары Келдибектин согуштан калганга «брону» болсо да өз ыктыяры менен фашизмге каршы жөнөйт. Жогорку билимдүү мектеп директору катары 1942-жылы алгач Кушкада эки ай даярдыктан өткөрөт. Күздүн күнү болсо да Кушка ысык экен. Ал жерден даярдыктан өткөн соң согушка аттанышып, Бишкек аркылуу өтө турган болот. Эсенбаев Келдибектин Бишкек аркылуу өтөөрүн билген жакын туугандары вокзалга аны менен коштошуп калууга келишет. Бир гана аянычтуу нерсе Кеминдеги эжелери Келдибек өтөт экен деп Кеминден жөө, арабалап келатып, атам менен жолугушканга жетишпей калыптыр. Поюз жөнөп кеткенден кийин келип калышып, ошол жерде коштошпой калдык деп боздоп ыйлашкан дешет.
Саратовду көздөй поюз менен Мукай Элебаев менен бирге аттаныптыр. Мукай Элебаев ал кезде дасыккан, элге таанымал жазуучу 37 жашта экен 20 жаштагы атама аябай улуу көрүнчү окшойт. Жаштардын бары аны тегеректеп алып, ал да чоң кишидей мамиле кылчу экен. Бул жактан ачкарын,поюз менен кетип баратабыз дечү. Мукай Элебаев: «Мунун барын Сталин билбейт, бери жактагылардын жасаган душмандыктары» -дечү экен. Биз менен бирге бараткан кээ бир улуттун өкүлдөрү өтүк, шинелдерин сатып тамак-аш алып жатты дейт. Мукай Элебаевдин тегерегиндеги кыргыздар кийимдерибиз сатпай бүтүн, бирок ач карын барышыптыр. Саратовго барсак кар жаап, суук түшүп калыптыр, катарга тизип өтүк, шинели жокторду, аларды сатып ток баргандарды казармага калтырып, сатпай бүтүн баргандарды токойго кыштын суугунда отунга алып барып жүрдү дечү. Ошол жерде да 1-2 ай окушуп Мукай Элебаев менен бирге болуптур. Нарядга чыкканда кээде котелок толтура тамак алып келип Мукай Элебаевге берчүмүн дейт. Ал артка чакырып алгыла деп Кыргызстанга кат жазып жүрчү, бирок жооп жок кийин ал Ленинград фронтуна кетиптир. Ал 1944-жылы май айында Псков облусунда курман болгон.Согуш отун кечип жүргөндөгү Элебаевдин ырлары, албетте, ошол кандуу окуяларга арналып, алыскы мекенине, үй-бүлөсүнө болгон сагынычы, алар менен кайра жүздөшүү тилеги, жеңишке болгон ишеничи да чагылдырылат.
Саратовдо эки –үч ай окууда болушуптур. Мылтык менен аттырышып атамды снайпер катары 38-чи аткычтар дивизиясынын 48 аткычтар полкуна бөлүшүптүр. Бул дивизия Сталинград фронтунда салгылашып тамтыракайы чыгып калган экен. Аны 116 аткычтар дивизиясы менен алмаштырып Саратов облусуна 1942-жылдын 11-октябрында алып келип 22-ноябрга чейин кайра түзүп жаткан экен. Түзүлө элек жатып согушка кирет. 11-ноябрда 38-дивизия күтүүсүздөн кол салып менен италиялык дивизиянын таш-талканын чыгарат да 15-декабрга чейин Дондун түштүк жээгинде плацдармын кармап турат. 16-декабрда чабуулга өтүп «Пасубио-Рома» аталган италиялык дивизияны жер менен жексен кылат. 22-декабрдагы үч күндүк согуш учурунда Ростов облусундагы бир топ айылдарды бошотуп, 7 миң италиялыктарды туткунга алып, көптөгөн курал-жарактарды колго түшүрөт. 1942-жылдын декабрынын аягынан 1943-жылдын 17-январына чейин чейин Миллеровонун айланасында салгылашып чабуулдардын негизинде Лисичанск, Славянск, Артемовск, Краматорск шаарларын бошотот. Душмандардын аянбаган контр чабуулунан соң Барвенково шаарын коргоп, 28-февралда шаарды таштап, курчоого алынып калат да, кан төгүүлөргө карабастан курчоону жарып чыгып, Изюм шаарынын айланасында жайгашат. Июлдун башында Курск дугасындагы эң оор салгылашууга катышат. 13 августта чабуулга өтүп Сухая Каменка,Перекоп, Лозовой шаарларын алат. 1943-жылдын сентябрында дивизияны кайрадан түзүү максатында Унеч станциясына алып келет. 1943-жылы 20-октябрда Армиянын генералы Рокоссовский башында турган Белорус фронту түзүлөт. Бул дивизия Белорус фронтуна кошулат. Речица шаары үчүн салгнылашууну баштап, Шатилки, Мольча, Чирковичи станцияларын бошотот. 1944-жылдын январында Калинковичско –Мозыр операцияларында катуу жоготууга учурап, 25-январда резервке чыгарылат. 24-февралда толуктоолор менен кайрадан согушка кирет. Толуктоолордон соң дивизия 19 мартта айыгышкан согушка кирип Мокраны, Тур, Краска райондорунда душманга каршы жан аябай согушуп, Батыш двина дарыясында, Витебск шаары үчүн кан төгүлгөн салгылашуулар болот. Витебск шаарын бошотууда көрсөткөн эрдиги үчүн Эсенбаев Келдибек «Кызыл Туу» («Красное знамя») орденине татыктуу болгон.
Ушул оор салгылашууларда Эсенбаев Келдибек жарадар болуп талаада үч күн жатып калат. Согуш учурунда сталиндик 100 граммды басып алышып чабуулга чыгышчу экен. Атам өзүнүн 100 граммын жанындагы орус кишисине берип койчу экен. Ушундай оор салгылашууларда атам кайтпай калган соң тиги орус балким тирүү болбосун деп издеп талаадан таап, кансырап жаткан атамды алып келет. Аны санчастка андан госпиталга алып кетип, бутун кесмей болот. Бутун кестирбей койот.
Ошол согуш учурунда ПХД келер менен күтүп, дайыма өзбек биринчи туруп, тамак алчу дейт. Бир күнү ал кезек күтүп турса дал ошол жерге снаряд жарылып тамаксоо өзбегиң жок дейт. Жеӊген СССР тарап, жеӊилген Германия бирикти. Улуу Ата Мекендик согуш миллиондогон адамдардын ѳмʏрʏн алып кетти. Согуш бʏтʏп жеӊишке жетишкенибизге жетимиш беш жыл болсо да, ошол согуштун тегирмен барасында айланып, нечендер набыт болушкан. Аттиӊ дʏйнѳ, ал согуш болбогондо, алар тукумулап, кыргыздардын саны ѳсмѳк беле деп ойлоп кетем. Кʏлгʏн жаш убагында от кечип кан майданга аттанышкан аталарыбыздын, агаларыбыздын катары азайып отуруп аяктап калды.
Эсенбаев Келдибек жашоо-турмушунда өзү туулуп-өскөн советтик доордо эл –журтка, партияга, ак эмгек өтөп , тубаса акыл-эси менен чынардай суурулуп турган адам эле. Анын атасынын да, өзүнүн да аты жөнү, адамкерчилик асыл-касиеттери, ишмердиги Тянь-Шань тоолорун аралап сыртка дүң болуп турчу. Балалык өспүрүм кезинен эле тирикарак, чыйрак, сезимтал болгондуктан улам мектепти толук окубай туруп эле мектептерге жетекчилик кызматын аркалап келген.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg