www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Британ королдук үй-бүлөсүн таштап, Америка Кошмо Штаттарына жайгашкан Сассекск герцогу ханзаада Гарри агасы Уэльс ханзаадасы Уильямдын өзүнө кол көтөргөндүгүн баяндаган. 

Британиянын The Guardian гезити ханзаада Гарринин 10-январда чыгышы күтүлүп жаткан "Spare" китебинен үзүндүлөрдү жарыялады.

Гарри китепте Меган Марклга үйлөнгөндүктөн мамилеси начарлаган улуу агасы Уэльс ханзаадасы Уильямдын кол көтөргөндүгүн айткан.

Гарри бул тууралуу: "Уильям менин жакаман кармап, чынжырымды жулуп алып, мени жерге жыкты", - деп айткан.

Принц Гарри жакында эле үй-бүлөсү менен элдешкиси келгенин билдирген болчу.

Британ басма сөзүнүн айтымында, Гарринин жарашууга мүмкүнчүлүгү жок. Сассекск герцогу ханзаада Гарри менен жубайы Меган маркум Елизавета IIнин тирүү кезинде жакшы эле жүдөтүп, коомчулуктун талкуусуна калтырып кыйнаган. Ал тургай королдук үй-бүлө Гарри менен Меганды ички эрежени сактабагандыгы үчүн жаза дагы кылышкан.

Эске сала кетсек, принц Гарринин көптөн күткөн “Spare” аттуу китеби 10-январда чыгат.

Последние новости