www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин коргоо министри Сергей Шойгуга 6-январда саат 12:00дөн 7-январга караган түнү 24:00гө чейин Украинада ок атышпоо режимин киргизүүнү тапшырганын Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.
 
«Улуу Урматтуу Патриарх Кириллдин кайрылуусун эске алуу менен Россия Федерациясынын Коргоо министрине 6-январда саат 12:00дөн 7-январь саат 24:00гө чейин Украинада тараптардын ортосундагы бардык байланыш линиялары боюнча ок атышпоо режимин киргизүүнү тапшырам», - деп айтылат маалыматта.

Кремлдин айтымында, православ динин тутунган жарандардын көбү согуш болуп жаткан аймактарда жашашат, ошондуктан Орусия украин тарапты аларга "Рождество алдындагы, ошондой эле Христостун туулган күнүндөгү салтанаттарга катышууга" мүмкүнчүлүк берүүгө чакырып жатат.

Последние новости