www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкү бийлик жеңин түрүнүп алып «аптекарларга» каршы иш жүргүзө баштады. «Аптекарь» дегенде эле мыйзамсыз иштерге көп үңүлө турган Осмонбек Артыкбаев, Дамира Ниязалиева жана парламент депутаты Садырбаева Жылдыздын жылдыздары кашкая чыга калат. Саламаттыкты сактоо министрлигинде лицензиясы жок дары-дармектерди сатуу боюнча Бузуулар жана Кылмыш-жаза кодекстерине өзгөртүү киргизүү каралууда.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Жогорку Кеңештин жыйынында билдиргендей, эгерде мыйзам биринчи жолу бузулса, 500 миң сомдон 700 миң сомго чейин айып салуу сунушталууда. Эгер зыян келтирилсе,  2 жылдан эркиндигинен ажыратуу, ал эми ири зыян келтирилгенде — 5 жылга эркинен ажыратуу каралууда.

«Категорияларга бөлүүгө болбойт, Түркиянын дары-дармектерге көз салуу тажрыйбасын караңыз. Аларда жасалма продукция дээрлик жок. Бул үчүн контрабандачылар 50 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн», — деди депутат Чолпон Султанбекова.

Белгилей кетсек, жыйында “Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө”, “Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө” мыйзам долбоорлору каралды.

Жыйында баяндама жасаган саламаттык сактоо министри лымкадыр Бейшеналиев белгилегендей, биринчи мыйзам долбоору медициналык буюмдарды жүгүртүү циклинин бардык этаптарында жөнгө салууну карайт жана сапатын, натыйжалуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында медициналык буюмдарды жүгүртүүгө байланыштуу келип чыккан мамилелерге колдонулат.

Талкуу маалында депутаттар медициналык буюмдарды жана дары-дармек каражаттарын жүгүртүүнү жөнгө салуу боюнча маселелер тууралуу пикир алышып, алардын коопсуздугун жана калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Кыргызстанда текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү документи жок дары-дармек саткан 84 аптека аныкталды. Дары-дармек жана медициналык каражаттар департаменти Кыргызстандын аймагында лицензиялык талаптардын сакталашына карата дарыканаларга текшерүү жүргүзгөн.

Лицензиялык көзөмөл жүргүзүү мезгилинде тиешелүү уруксаты жок дары-дармектерди саткан 84 дарыкана аныкталган:

1. Бишкек шаарында – 30;

2. Нарын облусунда – 5;

3. Талас облусунда – 8;

4. Ысык-Көл облусунда – 4;

5. Ош шаарында – 37.

Аталган мыйзам бузуучуларга карата мыйзамда белгиленген тартип чаралар көрүлүш керек..

 Кыргызстанда дарылар акыркы айларда 5 до 20% кымбаттады. Мындан ары да кымбаттары бышык. Учурда Кыргызстанда 389 дарылардын түрү Украинадан келгени катталган, булар жүрөк кан-тамырына препараттар, анальгетикалар, витаминдер, наркотикалык каражаттар. Орусия тараптан алардын ордун толукташ үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Кыргызстандан чыккан дарылар 3 пайызды гана түзөт, ал эми 97% дарылар дүйнөнүн 30 өлкөсүнөн келет.

2022 жылы 15 млрд 500 млн сомго дары жана медицинага керектүү каражаттар 3 млрд 937 млн сомго сатып алынган. Бардыгы 19 млрд 493 млн сомго. Ал эми 2023 жылдын 1 кварталына 7 млрд 118 млн сом кетти. Бизге дары берип турган мамлекеттер:  Орусия (15%), Индия (12%), Германия (11%), Түркия (9%), Словения (7%), Польша, Украина, Франция, Беларус.

Кыргызстанга импорттолуп келе турган дары –дармектерди төмөнкү өлкөлөр жиберет: Түркия, Орусия, Индия, Словения, Франция, Венгрия, Украина, Беларусь. Дарылардын 6186 түрү болсо 839 орусиядан, 389 — украинадан келет.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости