www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москванын Головин райондук соту борбор калаанын түндүгүндө эки кишини өлтүргөн деп айыпталган 22 жаштагы өзбекстандык мигрант Хасанбой Махамажоновду камакка алды.

Маалыматка караганда, сот Махамажоновду 30 суткага, тагыраагы, 12-ноябрга чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады.

Эске салсак, 12-сентябрда Москванын түндүгүндөгү "Дружба" сейил багынан кийин Фестивальная көчөсүндөгү батирден башы кесилген жансыз денелер табылган. Маркумдар бири-биринен 800 метр алыстыкта ​​болгон. 

Мыкаачылык менен өлтүрүлгөндөрдүн бири 56 жаштагы Травматология жана ортопедия улуттук илимий-изилдөө борборунда иштеген белгилүү травматолог Доржо Аюшеев, ал эми экинчиси Кыргызстандын 29 жаштагы Б.У. аттуу жараны экени аныкталган. 

Аталган фактылар боюнча Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 1-бөлүмү “Киши өлтүрүү” боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Өзбекстандын 22 жаштагы жараны Хасанбой Махамаджонов кармалган. 

Ал Өзбекстандан Москвага 10-сентябрда учуп келген. Анын туруктуу иштеген жумушу жок. Шектүүнүн ата-энеси жок, агасынын колунда чоңойгон. Бала чагында зордук-зомбулук көрсөтүлбөгөнү айтылат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости