www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркуловго 2007-жылы “белек” кылып кесилген кулак жана сөөмөй жиберүүгө катышкан ошол кездеги милиция кызматкери Ырысбек Кулмамбетов Кыргызстанга кайтып келип, тилкат менен бошотулганы белгилүү болду. 2022-жылдын 18-ноябрында Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту президент Акаевдин аппаратынын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловдун иши боюнча өкүм чыгарды. Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдакы айдоочусу президенттик администрациянын мурдакы жетекчиси Медет Садыркуловдун өлтүрүлгөн окуясын билген, бирок өзүнүн өмүрүнөн коркуп, эч кимге айтпай келген. Ал 13-мартта түнкү саат экиден кырк мүнөт өткөндө Ж.Б ны жана анын эки жан сакчысын үйлөрүнөн алып кетип, шаар четиндеги Көк-Жар айылындагы Конур-Осмон көчөсүндөгү №80 үйгө жеткизгенин, бир топ убакыттын кийин бул үйдөн "Лексус" же "Ланд Крузер" маркасындагы, "БМВ" маркасындагы автомашиналар жана бир "Ауди" чыкканын, аларды Кой-Ташка чейин коштоп барып кайта Бишкекке кайтып келишкенин айтып берди.

Анын айтымында, ал кийинки күнү Кой-Ташта "Ауди" менен "Лексус" автомашиналар кагышып жол кырсыгы болгонун, ал жерден Садыркулов, Слепченко жана Сулаймановдун күйгөн сөөктөрү табылганын угуп, ага чейинки окуяларды талдап чыгып, бул өлүмдөр атайы уюштурулганын түшүнгөн, бирок өзүнүн өмүрүнүн коопсуздугунан коркуп эч кимге ооз ачкан эмес.

Мамлекеттик администрациянын мурдакы жетекчиси Медет Садыркулов өлгөн сырдуу жагдайдын чындыгы кийин гана ачылды. Бул кылмышка шектүү катары 17 адам кармалып, 26 адам суракка алынган.

Тергөөнүн маалыматтарына караганда, Медет Садыркулов 2009-жылы 13-мартта Казакстандан кайтып келатканда түнкү саат экилерде жол сакчыларынын формасын кийген мамлекеттик күзөт кызматкерлери тосуп чыгып, алар М. Садыркуловду коштогон кишилери менен кошо президенттик иш башкармасынын башчысы Курманбек Темирбаевдин дачасына алып барып, кыйнап өлтүрүшкөн.

Алар кылмыштын изин жашыруу максатында аны жол кырсыгы катары көрсөтүп, капчыгайга алып барып май куюп автоунаасы менен кошо өрттөп жиберишкен. “Ауди” автоунаасынын айдоочусу Өмүрбек Осмоновду кармап беришкен. Аны сот 12 жылга кесип, бирок ал 2010-жылы апрелде белгисиз жагдайда киши колдуу болуп өлгөн.

Мамлекеттик жана саясий ишмер Медет Садыркулов президенттик администрациянын жетекчиси болуп турганда  бийликтин топтолуп жатышына каршылык билдирип кызматтан кеткен деп айтылат азыр. Медет Садыркулов экс-президент Аскар Акаевдин убагында да президенттик администрациянын жетекчиси болуп иштеп көзгө көрүнгөн. Бакиев бийликке келгенде аны 2007-жылы апрелде өзүнүн администрациясына башчы кылып койгон. М. Садыркулов  президенттик бийликти  бекемдеп кызмат кылып, бирок 2009-жылы өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Анын кеткен себебин бийликтин концентрация болуп жатканына макул болбой, ага каршы саясий күрөш жүргүзүүгө даярданып жүргөн эле деп бир катар саясатчылар айтып жүрүштү.

 Сотто айыпталуучу Санжар Сапарбеков акыркы сөзүн сүйлөдү. Ал күнөөсүн мойнуна албай, акыйкат чечим чыгарууну суранды. Кеңешме бөлмөсүнөн чыгып кеткен судья Джаналиев Сапарбековду күнөөлүү деп тапты: 

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси («Мыйзамсыз эркиндигинен ажыратуу») менен 3 жылга эркинен ажыратылган;

- КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Киши өлтүрүү») менен 12 жылга эркинен ажыратылган;

- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 174-беренеси («Мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу») (1997-ж. редакциясы) менен 4 жылга эркинен ажыратылган;

- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси («Документтерди, штамптарды, мөөрлөрдү уурдоо, жок кылуу, бузуу же жашыруу») (1997-ж. редакциясы) менен 15 миң сом айыпка жыгылган.

Жазаны жарым-жартылай кошуу менен ал жалпы режимдеги түзөтүү колониясында 14 жылга эркинен ажыратылды.

Сот аны 41-262-берене («Кылмыштуу шериктештикти түзүүгө шериктеш болуу же ага катышуу»), 165-берене («Адам уурдоо»), 207 («Карактоо»), 211 («Автомобиль уурдоо») жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 137-беренеси (“Кыйноо”) боюнча актады.

2021-жылдын 26-ноябрында Сапарбеков кармалып, 27-ноябрда эки айга СИЗО-1ге киргизилгени белгилүү болгон.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

Последние новости