www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарында чымындар болот өтө жоош, кашаң, учуп качкандан да эринет, шапалак менен «шап» этип чапсаң ошол эле жерден күм-жам болот. Нарындын жигиттери да жоош, кашаң, кокус шапалак менен чапсаң унчукпай басып кетет. Салымбеков дал ошол нарындык жигит. Бирок Чүйгө келип кылбаганды кылып, билбегенди билип алды. Чүйдүн чымындары таскактап турушат, шапалакты колго алар менен байап турган чымын безе учат. Өлтүрүп көр. Салымбековдун «сөөгү нарындык» болгону менен «эти чүйлүк» болуп калды. Баягы нарындык жооштугуна салып  кээде моюн толгогону болбосо түз эле кетип бараткандай. Бир учурда АШАга каршы Мадумаров менен биригип, клей менен чаптагансып жарашып калган. Анан парламентке өтпөй калган соң бири-бирин көр жемеге алышып, ушул күнгө чейин бүтө элек.

Бир учурда коронавирус күч алып чүчкүргөнгө да айыппул, тамак-ичкенге да айыппул салына баштаган. Мурун парламенттин депутаттары түкүргөнгө да айыппул салышкан. Ушул парламентке Аскар Салымбеков «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров экөө «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» менен аттанган. Ал кезде Чуңкурчак жайлоосуна өзүнө тиешелүү партиянын лидерлери менен кеп-кеңешке келген «мамлекеттик шопур» катары мамлекеттин рулун көздөп турган Икрам Илмиянов баш ийбеген партиялардын барын балжа –булжа кылган. Ошолордун арасында «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» бир аз добуш менен парламентке жетпей калган. Шайлоо алдында Түркиядагы үлкөн кызматын таштап келген Адахан Мадумаров азыркы шайлоо алдында даваатчыларды жер кыдырсын деп, коронавирус деген Кыргызстанда жок деп айгай сала баштады. Коронавирус Кытайдан башталган кезде Аскар Салымбеков гуманитардык жардам иретинде 50 миң маска берген. Кыргыз элинен кантип аясын, балким эмне жардам бергенин билгендер айтып коюшар. Коронавируска каршы гуманитардык жардамдарды берип жаткан «Эмгек» партиясы менен коронавирус бар экенин танган «Бүтүн Кыргызстан» партиясы экөөнүн позициясы бир эмес экени билине баштады. Кийин парламенттик шайлоо кайрадан эшик-тешикти шыкаалай баштаганда Салымбеков «Бүтүндү» чанган. «Эмгек» партиясы ары чаап, бери чаап жүрүп, Бишкектен маарага жеткуени менен, парламенттен далдоолонуп калды. Анткени, жалгыз «Эмгек» партиясы парламенттик шайлоого аттанганда азырынча 9 пайыздык тосмо бар, мейли ал 7 пайызга түшсүн. Бирок, өткөн шайлоодо добуштардын «даамын» сезип калган Аскар Салымбеков «Эмгек» партиясы менен кайсы партия менен биригер экендиги кызык эле. Балким, жаңыдан кубат алып жаткан «Ата-Журт-Кыргызстандын» партиясы менен биригер деп эл күтүп турган. Бирок токол дегенде тоңкошатып кетчү Салымбеков парламентке барган жок. Эмнеси болсо да убакыт улам таарып баратат. Аскар Салымбеков бизнеске гана аскар тоо болбой, качан парламентке барып, элине аскар тоо болор экен?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости