www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Асман шаарынын курулушун баштоо аземинде инвесторлорго кайрылып, мамлекеттин берген кепилдиги менен эч тынчсызданбай, бир гана ушул долбоорду ишке ашырууга максат коюп, курулуш иштерин тез арада баштоого чакырды. 

Өлкө башчы өз сөзүндө: "Учурдагы бийлик сиздердин ишиңиздерге эч кимди кийлигиштирбейт жана мамлекеттин кепилдигин толук камсыздайт. Мамлекеттик органдар болобу, күч түзүмдөрү же терс элементтер болобу, келип болбогон шылтоо таап опузалап, кандайдыр бир иштерине тоскоолдук кылып акча талап кылуусуна биз жол бербейбиз. Ошол эле учурда жергиликтүү бийликтен же эл ичинен мыйзамсыз аракеттер менен тоскоолдук кылбайт деп убада беребиз. Кимде ким тоскоолдук жаратса, аны менен өзүм эсептешем. Инвесторлорго карата андай иштердин чети эле билинсе мыйзамсыз иш аракеттерге баргандар катуу жазаланат", — деп билдирди.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости