www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Монголия аймагы кенен, бирок калкынын саны аз өлкө. Бирок учурунда монгол-татарлардын ханы Чыңгызхандын тукумдары эле ааламга  жайылып 3 000 000 адамдан өтүп кеткенин маалымат жарыялап жатат. Монголиянын Кыргызстанга окшоштугу булар да алтын чыга турган кендерин, биз «Кумтөрдү»  бергендей эле «Центеррага» беришкен. Монголияда биз сыяктуу беш президентин алмаштырып, алтынчы көмүр казып жүргөн президент бийликке келген. Көмүрчүлөр бийликке келгени Монголияда  алтын казгандардын иши оңолду. Элин ойлоп эл үчүн келишимдерди түзгөн. Бизде президенттер «Кумтөрдөн» түшчү пулду капчыгына салса, булар элине берет. Жөн эле жүрүп капчыгыңа акча түшүп калат.Мына түзсө ушулардай келишим түзсүн.

Ансыз деле «Центеррага» кошулганда алкы бузук Жапаровго окшогондор эл үчүн келишимдерди түзгөн эмес. Монголияда ар бир адамга «Центерра»  кошумча 700 төгөрөк төлөйт. Карысыңбы же жашсыңбы «Центеррадан»  өз энчиңди алып турасың. Бизде болсо өжөр Жапаровго окшоп келишимдерди бийликтин пайдасына чечишкен. Учурунда Акаевдин баскан таманын өөп жүргөн Жапаров мындай мүмкүнчүлүктү толук пайдаланып, СДПК партиясы аркылуу экинчи чакырылыштагы парламентке өтүп алат. Кудай өзү бербеспи, ал ошол мезгилде эле өзүн өстүргөн Атамбаевди «кидать» этип, тез эле бийликчил депутат катары Үзөңгү-Куушту Кытайга бере турган топтун лидерине айланат. Кытайдын Төртүнчү бөлүмү буларды юань менен кекиртектен тойгузганы аз келгенсип, Акаев Бишкектеги үлкөн имараттардын барын менчиктештирип берет. Президент Аскар Акаевге Жапаров самоор жага алган жок . Анткени, Акаев аны жанына жакын жолоткон жок, самоор жага турган адамдар толтура болгон.

2003-жылы депутаттык комиссиясынын башында туруп  депутат Жапаров Акаевге жасакерленип Кумтөрдү канадалыктарга биротоло энчилеп берген, ага чейин Үзөнгү-Куушту Кытайга берип мүлктөргө ээ болгондой көптөгөн ырыскыларды менчиктештирип алат. Жапаров ал кездеги экономиканы чагып жаткан Айдар Акаев менен Канадага барат. Өлө конок болуп «Кумтөрдү» Канадага биротоло берип, бийликтегилер гана жыргап, эл бир тыйын албаган келишимди колдойт.  Жапаровдун позициясы олку-солку болгон, ким акча, мүлк берсе ошонун сөзүн сүйлөп, самоорун жагып, казанын кайнатып, аны тегеректеп жанынан чыкчу эмес. Жапаров саясий карьерасын Атамбаевдин осурагын жыттап жүрүп СДПК партиясында баштаган. Анын «Атка жеңил, тайга чак»  жеңилдигин байкаган Алмазбек Атамбаев анын акылдуулугун эске алып СДПК партиясынын штабын жетектетип койгон. Менчиктештирүү убагында Атамбаев чыпалагынын учун гана матырып койбой, беш колун билегине чейин матырган, өзү жалгыз матырбай самоор кайнатып жүргөн СДПК партиясынын штаб жетекчиси Акылбек Жапаровго да кайсатып, «Кыргызавтомаштан» ал жеп, жутуп алсын деп атайын имараттарды бөлүп берген.

Жапаров Японияга бара жатып  2022-жылы 29-ноябрында эртең мененки саат 10до бул жеке учак Бишкектен көтөрүлгөн. Бир нече сааттан кийин, ал Монголиянын аймагында пайда болгон. Бизнес-жет учагы Улан-Батор аэропортунда эки сааттай өргүү алат. Эки сааттан көп турмак, Жапаров Монголиянын президентине кабыл алуусун өтүнөт. Ухнаагийн Хурэлсух кабыл албай коюп андан ары Японияга учуп кеткен.


Ухнаагийн Хурэлсух – учурунда көмүр казып жүргөн президент, Жапаровго окшогон бай адамдарды  көп жактыра бербейт. Мунун апасы эски үйүндө эле жашап жатат. Бир элдин башчысы го, өз апасына кымбат үй салып берүүгө толук мүмкүнчүлүгү жетмек. Бирок апасы ушул эски үйүндө жашай берүүнү каалаптыр. Бул үйдү абышкасы экөө өз колдору менен салып,өмүрүнүн кызыктуу чагын ушунда өткөргөн соң кыйбаса керек.

Баласы конокко келгенде өзүнүн мамлекет башчысы экенин такыр унутуп,ушул үйдүн карапайым баласы иретинде сезет болушу керек. Келген сайын үйдүн чоң кичине жумушун өз колу менен аткарып,апасы кайнаткан чайдан рахаттана ичип,тамагын жеп, маркум атасын эстеп кайтат экен.

Монгол элинин башчысы бир маегинде: "Апама эч качан расмий кийим менен барбаймын,анын көзүнчө чөнтөгүмдөн көп акча чыгарган эмесмин. Апам өкмөттөн алган аз пенсиясын үнөмдөп,келээрки айга чейин жеткирүүгө үйрөнгөн адам" дептир..

Башчысы жакшы эл оңолоор,

Башчысы начар эл жоголоор... дейт.

Элиталык үйлөрдө жашап, көнүп калган Жапаров Кочкордогу көп кабаттуу үйүн теңине албай ар кимге берип жүрөт. Ал эми ошол мезгилде эле Кыргызстанда канчалаган жаштар үйү жок ар кайсы талаада тентип жүрүшөт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

 

Последние новости