www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кочкор, Ак-Кыя, Кош-Дөбө, Семиз-Бел айыл өкмөттөрү бир айыл аймагын түзүшүп, атын Ормонхан же Жапаров болсун деген талаш бүтө элек. Азыркы учурда Жапаров көлдүн акимдерине тийише баштады. Ысык-Көл облусунун Түп районунун акими Каныбек Адиев кызматтан кетти. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты. Жаңы жетекчи качан дайындалары азырынча белгисиз. Каныбек Адиев бул кызматка президенттин жарлыгы менен 2021-жылдын май айында дайындалган. Буга чейин алты айда начар жыйынтык көрсөткөнү үчүн Ысык-Көл жана Түп райондорунун акимдерин иштен алуу тууралуу президенттик администрацияга сунуштама берилген. Андан көп өтпөй Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадылов өзү жазган арызынын негизинде иштен кеткен. Ал эми Тоң районунун акими Байышбек Астанакулов жана Ак-Суу районунун акими Мунарбек Насировго сөгүш берилген.

Соттолуп келген Кадырбаев бир учурда Ошко мэр болсо, анын күчүгү Жапар Ормонов Ош шаардык кеңешинин төрагасы болгон. Жапар азыркы президент Жапаровду бир аз коркутуп, тез эле Чолпон-Атага мэр болгон. Азыр токмоктук Ош шаарынын мэри Бакыт Жетигеновду баскан-турган жерде жамандап, өзүм Ошко мэр болом деп кербезденип турган кези. Минтип жылмаңдап олтурбай жок дегенде келе жаткан туристтик сезонго жакшылап даярдык көрсө болду. Ушундай ары эмес, же бери эмес жетекчилердин айынан иш артка кетип, эл кыйналат да. Кадр деп эле коё беришпей, кичине ылгашса болот эле. Улам бир бийликке жармашып, бет пардасын сыйрып кете берген кошоматчы, сабатсыздын амалына чек жокпу? Үч жыл мурун Оштон жели жакшы чыкпай калыптыр. Али да кеч эмеспи? Көрө жаталык.

Атамбаевдин калкалоосунда Ош мэрине чейин жеткен Айтмамат Кадырбаев мэр болгондо Мелис Мырзакматовдун артын казуу менен гана алек болуп калган. Орган кызматкерлери Ош мэриясынын буга чейинки иштерин текшерүүгө алышып, бир топ мыйзам бузууларды таап чыгышыптыр. Негизинен жер сатуу былыктары ачыкталчудай. Натыйжада, экс-мэр Айтмамат Кадырбаев менен Ош шаардык кеңешинин мурдагы төрагасы Жапарбек Ормоновдун камалары күтүлүүдө. Айтор, абалдары чатак! «Соодалашып» эле кетишпесе...

Чолпон-Ата шаарынын мэри Жапар Ормоновдун «репутациясы» талкууга “жем” таштады. Башынан репутациясы шектүү, булганыч иштерге аралашкан, билими, деңгээли төмөн кадрдын карьералык секирик жасаганын коомчулук жактыра берген жок. Ош шаардык кеңешинин төрагасы, вице-мэр катары иштегени маалым. Икрам Илмияновдун арты менен телчиккен, КСДПнын штабын жетектеген, бирок, бийлик алмашканда “куйругун” кесип кеткен жайы бар. 2020-жылы парламентке “Мекеним Кыргызстан” партиясынан талапкер катары чыккан.

“Шайлоонун шайтан оюнунан” төңкөрүш оту тутанып, ал арада Жапар Ормонов Оштон таяк жеп, бети-башы канжалаганы жашыруун эмес. Толкундаган көпчүлүктүн арасынан зорго суурулуп чыгып, өмүрүн араң сактап калганы айтылат. Тилекке каршы, кечээги кылык-былыктарынан сабак албаптыр. Кайрадан саясатка, кызматка жанталашуу менен Чолпон-Ата, Бостерини башкара баштаган кербези. Бул эргулдун келгенине жергиликтүү тургундар нааразы экени каңкууланды.

Ысык-Көл районунун борбору Чолпон-Ата шаарына дайындалган мэр Жапарбек Ормонов иштин көзүн билбей жатабы же дагы башка себептери барбы айтор, келгени иштеген ишинен бир жыйынтык чыкпады. Мурда Ош шаардык кеңешинде спикер болуп иштеген. Ал жерде деле жарытылуу иш жасаганын уккан жокпуз. Бул киши кандай жол менен Чолпон-Ата шаарына мэр болуп калганы белгисиз. Анын үстүнө чолпон-аталыктар анчалык деле жактырышпай, "жашап калмак беле, акыры кетчү киши да" деген таризде мурдуларын чүйрүп отурушат экен.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

Последние новости