www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

57

Мүлдө жашоо оор тартып баратты. Бейшенбектин бабасы кочкорлук Дыйкан болуш да сап башында турду. Кочкорлуктарды бир жерге топтогон Канат болуш биринчи жолу Кочкордогу Темир –Болот, Абайылда болуштарынын эли тарабынан Сарала –Саз деген жерде ак бооз бээ союлуп,ак кийизге салынып хан шайланган. Канат хан көтөрүлгөн соң орус аскерлери менен болгон урушка даярданат. Боктуу –Төрдөгү Жантык -Конушка үйлөрдү тиктирип, усталарды жыйнап, Жунушалы, Нөөмөтбек, Казыбай усталарды  баш кылып, күндөп –түндөп бөрү тил, найза, ай балта, кылыч, така жана башка курал –жарактарды жасата баштайт. Падышалык бийликке каршы чыгып, согуш ачканы жатканын билдирип, Кочкор аймагындагы азык урусунун билерманы Жоон –Арыктын болушу Дыйканга, Борукчу, Надырбек, Ниязбек жана башка болуштуктарга, Көбөгөн, Сарыбай манаптарга андан тышкары Кемин,Чүй багытына – Шабдандын балдарына, Байтиктин балдарына,Чолпонкулга,  Дүр, Мамбеталыга, Көл, Жумгалбагытына – Көкүмбай, Мырзабек, Курман, Батырканга Шамейдин уулу Борукчуну жиберет. Канат болуш Шабдандын иниси Иманалынын кызын алып, Шабдан тукуму анын кайын –журту болгон, бирок Шабдандын балдары биз өзүбүзчө хан болуп урушабыз дейт.

Даярдыгы бүтөр менен Канат хан 1916 –жылы 13 –августта Шамшынын белин ашып Чүйгө түшөт. Шамшы,Тынай, Бурана, Нурманбет, эли Канатты Чалказак деген жерден тосуп алышып экинчи жолу хан көтөрүшүп, жалпы жетекчиликти өткөрүп беришкен.

Канаттын колу Чүйгө түшүп орус кыштактары Подгорный, Кең-Булуң, Бир –Булакты каратып алышат.Токмокко барганда коргонуу бекем болуп, катуу каршылыкка учураганына карабастан Канаттын колу он чакты күн Токмокту камоого алышат. Алматыдан орус аскерлери келип калып, Канат Кочкорго чегинүүгө аргасыз болот.

Кочкордун Сары –Булагында Дыйкан болуш башында турган Жоон –Арык, Тезекбай болуш баштаган Борукчу жана Ниязбек, Абайылда, Темир –Болот болуштуктарынын он миңдей адамы Нарынга келе жаткан жакшы куралданган орус аскери менен согушка даярданып турган. Ушул жерде жалпы жетекчилик буга чейин хан көтөрүлгөн Канат болушка өтүп, ал үчүнчү ирет хан көтөрүлгөн. Канат хан орус аскерлерин Боз-Бекеттен тостурат.

Алматы, Бишкектен кошумча аскер келип Канат хандын аман калган аскерлери өз айылдарына келе башташат. Кегети менен Шамшыны ашып түшкөн солто,тынай менен бирге бүтүндөй Кочкор өрөөнүн күн батышындагы эл үркүп,Караколду көздөй качышат. Үлгүрүп калганы орулуп, кырманга салган эгининен алып, мал –жаны түгөл үйү менен көчсө, кээ бирөөлөр субай –салтаң, жөө –жалаңдап жөнөп беришет. Чүй тараптан түшкөн аскерлер күңгөй жак менен Орток, Ак-Кудук, Күмүшай,Сары –Ала-Саз, Ак-Бел жакка качкан элди атып- кырып, Ак –Белден көчтүн астын тоскондо, эл Ийри-Суу, Бучуктун –Бели көздөй качышат.Жумгалдан жетип келген  орус аскерлери Ак –Учук, Сөөк, Кара –Мойнок менен чыгышып, үрккөн элди Бучук ашуусунан атышат. Эки жактан сокку алышкан солто, тынай, Кочкордун күн батышындагы элдин өлүктөрү жуушаган койдой жыбырап калат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости