www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Израиль Батыштын Украинага берген аскердик техникалары Израилдин чек арасына жакын жерден табылып жаткандыгына тынчсызданууда. Бул тууралуу аталган өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху билдирет.
Маалыматка ылайык, Биньямин Нетаньяхунун The Jerusalem Post газетасына берген маегинде "Бизди чочулаткан башкы маселе, эгерде биз украиндерге согуштук техникалык жардам көрсөтсөк анда эртең ал Ирандын колуна тийип калбайт" деп эч ким кепилдик бере албайт. Себеби, буга чейин Батыш Украинага берген танктарга каршы колдонуучу куралдар биздин чек арадан табылып жатат. Биз бул маселеде өтө этият болууга тийишпиз.
"Украинага согуштук техникаларды берүүдөн баш тартканыбыздын дагы бир себеби, Израиль Европа мамлекеттеринен айырмаланып өзгөчө абалда жайгашкан. Биздин аскердик чек арабыз Россия менен чектеш, учкучтарыбыз Сириянын асманында канаатташ учушат. Биз үчүн эң маанилүүсү Иран менен чектешкен түндүк чектерибизди кайтарууда өз алдынча көз карандысыз кыймылдагыбыз келет", -деп түшүндүргөн Беньямин Нетаньяху.
Израилдин Украин маселесинде тең салмакты сактаган позициясын Батыш өлкөлөрүнүн бир катар жетекчилери да түшүнүү менен кабыл алышкан. Израиль орустардын Украинадагы атайын операциясын биринчилерден болуп айыптап чыккан мамлекет, бирок, ошол эле мезгилде Киевге гуманитардык жардамдар менен эле чектелип, курал-жарак берүүдөн баш тарткан өлкө.
Булак: NazarNews.kg