www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кой-Таштагы хансарайды учурунда «мародерчулук» үчүн Рысалиевден кордук көргөн Текебаев көтөрүп чыккан. Шак сыяктуу кошоматчылар хансарайдын бүтүшүнө көмөк көрсөтүшкөн, анын эсебинен мамлекетке салык төлөшкөн эмес. Атамбаев боштондукка чыккан соң Кой-Таштагы Шакиге салдырган «аңги» сарайына барган. Бийлик Убактылуу Өкмөттүн бир нече мүчөлөрүнүн мүлкүн камакка алды деген сөз болгон. Атамбаевдин арамдан курган «аңги» сарайын мамлекетке өткөрүп, ал жерде Атамбаевдин аялы, Сапар Исаков окшоп сөөмөйүн кезеп сүйлөгөн индуска окшош баласы, а тургай эки адвокаты бирдейинен барышып: "үйдү бербейбиз, бул жерден өлүгүбүз чыгат, түрмөдөн чыкканда ушул жерден күтүп алышыбыз керек" дешип тополоң салганга да жетишишти, как будто ал үйдү пешене тери менен кыйналып кургандай. Атамбаевден башка деле үйлөрүн, мүлктөрүн конфискация кыла турган коррупционер кылмышкерлер толтура.

Эмне үчүн Сапар уурунун, Албек жемкордун, Текебаевдин, Бабановдун эч мүлкүнө тийишпейт? Ушулар какшатып уурдабады беле өлкөнү?

Бийлик тараптан кандайдыр бир аракет жасалса, сөзсүз түрдө Бакиевдерден баштап, Бакиевдердин таза атын каралашып, минтип үйлөрүн бузуп калышат. Бишкектин Жибек-Жолу көчөсүндөгү Бакиевдин  үйү, кадимки эле мен, сен, же башка ар бир кыргыз жашап жаткан үйлөрдөн эч айырмасы жок жөпжөнөкөй үй болчу. Бул үйдү мүмкүнчүлүгү чектелген майыптарга берилгенин Бакиев өзү деле туура көргөн. Мына ошол үйдү азыркы күндө бузуп, тегиздеп салышты. Кеп, бул үйдүн бузулганында, же болбосо ким жашап жатканында эмес. Бакиевдерди Атамбаевдин арам соттору териштирбей, иликтебей сыртынан соттогонун баарыбыз билебиз. Ошондуктан, Бакиевдин бул үйүн бузуп, өздөрү каалагандай иштеткенге азыркылардын акысы жок эле. Бакиев ал үйдү уурдап салган эмес. Ал үй бүгүнкү күнгө чейин Бакиевдин менчиги, мыйзамды сыйлаган адамдар үчүн.

"Мына, камакка алдык, мына конфискация кылдык" дегенде эле, баардык нерсе Бакиевдерден башташат. Бакиевдин кеткенине он үч жыл болду, а бирок, Бакиевди жамандыкта беттерине кармаганды таптакыр эле токтотпой коюшту. Демек, Бакиевден баары коркушат. Мурдагы бийликтер Бакиев келип калса былыктары ачылып, шермендеси чыгышын билип коркушкан. Азыркы бийлик да Бакиевди жамандап, Бакиевди баардык балакеттерге күнөөлөгөндөй, Бакиев келсе Бакиевди эл ээрчип кетип, бийлигин тартып ала тургандай коркушат окшойт?

Кадырыңар жан болсун. Бакиевди сурансаңар да кайрадан президент болбойт. Бакиев башкалар окшогон бийликтин, байлыктын кулу эмес. Бакиев болгону өзүнүн туулган жери Жалал Абадга, берекенин мээри чачылып турган ата конушуна келип, тууган-уругу, колу-коңшусу, дос-тамыры, куда-сөөктөрү менен катташып, неберелерин жетелеп аксакалдык доорду сүрсөм дейт.

Бакиев Атамбаев эмес, элди топтоп Кой-Таш элдик республикасын түзбөйт. Силердин жүргүзүп жаткан бийлигиңерге, саясатыңарга башкалар окшоп тумшугун тыкпайт. Себеби, Бакиев мырза киши.

Бакиевдин жалган жалаа, куру доомат менен кууганыбыз үчүн Кудай бизди он жылга аябай катуу жазалады. Мына ошону сезбедик. Ошондуктан, бир иш кылсаңар Бакиевди мисал кылбай, Бакиевди элге жаман көрсөтпөй, Бакиевди аралаштырбай кыла бергиле, жаман-жуман адам болбой. Президент "эл суранса Бакиевди алып келем" деген убадасын унутту. Бакиевди сыйлаган, баалаган түштүк эли эл эмес окшойбу?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

Последние новости