www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Суданда армия менен Ыкчам аракеттенүү күчтөрүнүн куралдуу кагылышуусунан 600дөн ашуун адам набыт болгонун «Ведомости» билдирди.
Саламаттыкты сактоо министри Хайтам Мохаммед Ибрагим согуштук аракеттер өлкөнүн борбору Хартумдагы 125 ооруканага зыян келтиргенин билдирди.
Өкмөттүк аскерлер менен Ыкчам аракеттенүү күчтөрүнүн ортосундагы кагылышуу 15-апрелде башталган.
19-апрелде тараптар элдешүү келишимин түзүшкөн, бирок бир нече сааттан кийин кагылышуу уланган.
Тынчтыкты сактоочу күчтөрдүн жана эл аралык коомчулуктун аракеттерине карабастан Судандагы кырдаал курч бойдон калууда. Көптөгөн өлкөлөр буга чейин зордук-зомбулукту айыптап, жаңжалдашкан тараптарды диалогго чакырышкан.
Буга чейин Судандагы салгылашууда каза болгон жайкын тургундар198ге жана жабыркагандардын саны 1207ге жеткенин Ал-Жазира телеканалы кабарланган.
Булак: NazarNews.kg