www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп 2024-жылдагы шайлоодо жеңип чыкса, инаугурацияга чейин Украинадагы жаңжалды жөнгө салууга үлгүрөт. Бул тууралуу ал Флорида штатында Республикалык партиянын жактоочуларынын алдында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
«Президенттик шайлоодо жеңгенибизден көп өтпөй, мен Орусия менен Украинанын ортосундагы коркунучтуу согушту чечем», - деген Трамп.
Буга чейин, 15-апрелде Newsweek басылмасы эгер Дональд Трамп АКШнын президенти болуп калса, Украина үчүн катастрофа келерин жазган. Саясат боюнча профессор Эмил Нагенгасттын айтуусу боюнча Трамп Украина менен азыркы мамлекет башчысы Жо Байден курган бардык мамилелерин үзүүнү каалайт.
27-мартта Трамп Украинадагы чатак "азыр эле бүтүшү керек" деген. Ал жаңжалды 24 сааттын ичинде жөндөөгө даяр экенин баса белгилеп, бирок планынын чоо-жайын ачыктаган эмес.
13-мартта Трамп 2024-жылы кайра шайлангандан кийин үчүнчү дүйнөлүк согушту болтурбоого убада берген. Бул тууралуу ал өзүнүн тарапкерлеринин Айовадагы митингинде сүйлөп жатып билдирген.
Булак: NazarNews.kg