www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чикаго мафиясы өткөн кылымдын отузунчу жылдары дүйнөнү титиретип турган, эми Мексика менен чектешкен жерде Маранын бандасы чыкты. Мексикадан чубап Кошмо Штаттарды көздөй мигранттар күн сайын өтүп жатат. Кокус Маранын бандасы менен эсептешпесе өтүп бараткан жерден эле сулата атат экен, өлгөнүнө карабай. Мигранттар деле оңуп кеткен жок, Кошмо Штаттардын мыйзамы боюнча калктын санын көбөйтпөш үчүн чет мамлекеттен келген аялдар кош бойлуу болуп калса, аборт жасап турушу керек.
АКШ көзгө жакшы көрүнгөн нерселерди тартып алып жүрүп көнүп алышкан. Африканын Маврикийине жакын жерде Чагос деген арал бар. Маврикий өз алдынча эгемендүүлүктү алып кеткен соң Чавос Улуу Британиянын кол алдында калат. Улуу Британияга эмне колонияларынын бары чынжырды үзүп, көз карандысыздыкка жетип атса Чагос да бир күнү кетип калар деп 1966 жылы 14 миллион долларга аренда акы төлөө менен 50 жылга Кошмо Штаттарга берип жиберет.
1973-жылы Кошмо Штаттар бул жерге Аскер-аба күчтөрүнүн жана Аскер деңиз флотунун базасын кура баштайт. Кошмо Штаттардан кордук көрүп өз жеринен күч менен сүрүлгөн чаголуктар азап менен, автоматтын октору менен Маврикийге жана Сейшель аралдарына көчүрүлөт. Өз киндик каны тамган жерге элүү жылдан бери бара албай булардын өз жерине барабыз дегенде эки көзү төрт. 2023 жылы чаголуктар зордук менен көчүрүлгөндөн бери элүү жыл толду, Кошмо Штаттар Аскер-аба күчтөрүнүн жана Аскер деңиз флотунун базасын «ме» деп бере коймок беле, дагы мөөнөтүн узартар.
Кошмо Штаттар ичинен ирип-чирип атат. Бир Огайо деген штатты алалы. Бул жерде наркобизнес дуулдап өсүп жатат, жакында эле миллион таблетка баңги заттарын алып көз ачып жумгуча жок кылышкан. Ашыкча баңги заттарды колдонушкандар боосу менен кырылып жатат, ушул эле штатта баңги заттарды колдонуу 2022 жылы 20 пайызга көтөрүлгөн. Отузунчу жылдардагы Чикаго эч нерсеге караандайбай калды, бейбаштык кылган жагынан алдына ат салдырбайт.
Кошмо Штаттар 2014 жылы Украинада «Днепр» деген аскердик банданы төзгөн Коломайскийге колдоо көрсөтүп турушкан. Булар «Библиотека» деп коюшкан түрмөнү түзүшөт. «Библиотекада» колго түшкөн орустарды айоосуз кыйнашкан, алар аскердик адамбы же жарандык элби Украинага каршы чыккандарды аяган эмес. Баштарына кара пакет кийгизип коюп жанчышкан. Андан тышкары металл бочкаларага суу толтуруп коюшуп баштарын матырышкан, кээ бирлер эстен танып жыгылышса, кээ бирлер мүрт кетишкен. Өлгөндөрдү ит өлгөндөй да көргөн эмес. Бул жырткычтарды Кошмо Штаттар колдоп турган.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg