www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутаттарды эмне үчүн шайлайбыз? Албетте, эл үчүн кызмат көрсөтсүн деп. Жогорку Кеңеште токсон депутат бар, кээ бирөө кан ыйласа да эл үчүн бирдеме деп өз ойлорун айтып жатат. Рахмат, ушундай оор кырдаалдарга карабай депутаттардын ар кандай маселе көтөрүп жатканы туура. Кыргыздын башына оор кырдаал нечен келген, нечен кетти. Ошого карабай айлык эки эсеге көбөйүп, баанын кымбаттаганын тоготпогон депутаттар бар экени белгилүү. Жогорку Кеңеште Эрулан Көкүлов аттуу депутат бар. Көкүл аксакал азыркы заманга тууралап атын Эрулан деп коюптур. Кичине адамдык этиканы кармап сүйлөсө боло деген ой кетет. Анын дарамети, деңгээли, баскан-турганы, сүйлөгөнү ушул дагы эл өкүлүбү дегендей жакаңды карматат. 

Депутаттын бир сөзүнө көңүл бөлөлү ал мылжыңдап отуруп алып: "Депутаттык айлыгыбыз эки эсеге көбөйдү, бирок канча айлык алаарымды билбейм, маршрутка менен жүрөм» - дейт. Аны кокус Камчыбек Жолдошбаев деген мурунку парламенттин депутаты угуп калса: «Көкүлов эмес Чачов болсоң да маршрутка менен жүрсөң уялып кетем» деп опурулмак. Бирок  Камчыбек Жолдошбаевге анын жообу даяр экен, Эрулан Көкүлов оозунан жаңылып тескери сүйлөп: «Жип машина алгам, бензиндин баасын карабайм, мага маанилүү эмес, 3-4 миңге куюп салам", - деп өйдө-төмөн сөздөрдү сүйлөп отурат. 

Эрулан Көкүловдун оюнда депутаттардын эл менен байланышканы кийинки шайлоодо кайра шайланып келиши үчүн өзүнө кам көргөнү деген чолок ой болсо керек. Депутаттын бары эле кийинки шайлоону ойлоп эл менен кызматташпайт да. "Апрелге" берген маегинде шайлоочуларына карата урмат-сыйы жоктугун, алар үчүн башын оорутпасын ачык айтып, "Мен шайлоочуларым менен сөзсүз иштешип кийинки шайлоого келишим керек деп байланбайм", - деп ыржайып кенебей сүйлөп жатат. 

Анын ой-жүгүртүүсү, аң-сезими, акыл парасатын берген маегин көргөн адам, дароо түшүнөт. Мына аталган каналдын жетекчиси: "Сен азыр "Не сахар" долбоорунун автору эмессиң, Жогорку Кеңештин депутатысың, сенден 19 миң шайлоочу иштин натыйжасын күтүп жатат" деп суроо берсе, Көкүлов: "Мен депутаттыкты айрым бир кесиптештеримдей укмуш деле көрбөйм. Ал менин кыялымдын чеги эмес. Мен шайлоочуларым менен сөзсүз иштешип кийинки шайлоого келишим керек деп байланбайм", - деген ыржаңдаган жообун уккан адам, көрбөгөндүн көргөнү курусун деп жерге түкүрбөй койбойт. Аны жазылган комментарийлер айгинелеп турат десек жарашат. 

Чындыгында, эл жүгүн аркалаган депутаттыктын ал үчүн мааниси жок болсо, айланганы депутаттыкка барабы? Өзү айткандай айрым кесиптештериндей депутаттык ишке олуттуу мамиле кылганды билбесе, мандатын тапшырып берип, өзү көнгөн ашканадан таракан издебейби? Ошондо элге пайдасы тиймек. Мандаттын маанисин, элдин жүгүн түшүнбөгөн соң, өзүн кесиптештеринен өйдө сезип, мен башкалардай депутаттыкты укмуш көрбөйм дегенди айтып, көтөрүлгөндөн айланабы?.. 

«Не сахар» долбоору капысынан көйгөйгө тийип өтө популярдуу болуп кеткендиктен шайлоочулар  орустар айтмакчы "из грязи в князи" дегендей  Эрулан Көкүловду баткактан көтөрүп чыгышкан. Парламенттин ишмердүүлүгү колунан келбеген соң, өзү көнгөн ашканада акыр-чикир аңтарып, таракан издеген иш кылса жарашмак. Ырасында, Кыргыз тилин бекемдейли, өнүктүрөлү деген мыйзамга каршы чыгып, парламентте этика дегенди билбей талтаңдап отурганы, коомдун кыжырын келтирбесе, жакшы маанай тартуулабайт. 

Мына элге, шайлоочуларына карата мамилеси. Анан ушул кантип элдин жүгүн аркалап, маселе чечет. Мындай териси жука, текебер немеге өзүнө жараша мамиле кылып, мамлекеттик кызматка жолотпош керек. Өз сөзүндө Камчыбек Жолдошбаевди уялтып маршруткада жүргөн, чындыгында чалкалап «ЖИП» минип жигердүү жүргөн Эрулан Көкүловдой депутаттар кыргызга керекпи же кереги деле жокпу эл чечсин.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости