www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мээ кайкы мэр Бишкекти Орусиядагы мобилизациядан качкандарга толтуруп баратат. Эл оозунда төрт-беш «мың» адам келиптир деген кеп жүрөт. Төрт-беш миң орус качкындары келсе эле кымбатчылыкка бөлөнүп калса, анда шаарыбыз эмне деген шаар,балким андан көп адам качып келди же башка себептер бар. Квартираны алалы шак эле жарым эсе көтөрүлдү.

Мындай акчага туйтунуш үчүн жашап жаткан кыргыздарды чыгарып же квартира баасын көтөрүп атышат. Албетте, мэрдин дагы бир нечелеген үйү болгондуктан ал деле квартиранын кымбаттаганына сүйүнүп жаткандыр. Мындай көпөс качкындары четинен кармап Кыргызстандагы Орусиянын элчилигине бериш керек, патриоттук сезимдери жок качкындар бизди жыргатмак беле. «Маршруткаларда» мындай орусиялык качкындар көбөйө баштаганы байкалат.

Кыргызстандык орустар кыргыздарга менменсинбей көнүп, жоошуп калышкан. Орусиялык орустардын качып жүрсө да шовинисттик көз карашы бар. Өздөрү кудайдын чүчкүрүгүнөн түшкөнсүп, кыргыздарды, айрыкча элеттик кыргыздарды «баранга» теңеп турушат. Бизди «баранга» теңеген заман өткөн, азыр бул орустар Казакстанда быкпырдай жайнай баштаптыр. Казак «баурдастар» булар билбесе да казакча кайрылышып жатыптыр. Айласы жок мурдуна суу жеткенде үйрөнүшөт да. Биз деле бир орус келсе, он кыргыз орусча быдылдап ийбей, буларга кыргызча гана  мамиле кыла турган убак келди.

Өйдө баратса «өш» деп койгонго жарабаган Эмилбек Абдыкадыров деген мэр бар. Муну акча менен бийликтен башка эч нерсе кызыктырбайт. Капчыгы «квартплатттарга» толгонуна сүйүнүп элди ойлогон деле жок. Жакында Координациялык кеңештин жыйынында Башкы прокурор Курманкул Зулушев Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровго катуу эскертүү берип жатып, «Сиз өзүңүздүн сөзүңүзгө каршы чыгып жатасыз», - деп ач күзөндөй болгон Бишкектин мэрине катуу айтты: «Сиз азыр эле бардык маселе Мамкурулушта экенин айттыңыз – алар мыйзамсыз курулушка уруксат беришет. Ал эми бул киши вице-мэр Абдиев Мамкурулушту жетектеп турган. Ошон үчүн анын ушундай бизнесте экенин билип туруп, эмнеге вице-мэрликке койдуңар деп сурап жатабыз. Бардык суроолор ушуга байланыштуу», - деген Зулушев.

Башкы прокурор мындай кызматтарда таза адамдар иштеши керектигин айтып өттү. «Эгерде кандайдыр бир пункттар болсо, анда алар кызматтан алынышы керек», - деп кошумчалаган ал. Буга чейин Бишкек шаарынын мэри мыйзамсыз курулуштарга уруксат кагаздарын Мамкурулуш берип жатканын айткан: «Эгерде баары Мамкурулуштун карамагында болуп жатса, башаламан курулуштар менен кантип күрөшөбүз: алар уруксат беришет, экспертиза жүргүзүшөт, объектилерди кабыл алып, өздөрү текшерет. Биз борбордо курулуш саясатын жүргүзүшүбүз керек, бардык чоң шаарларда мындай практика колдонулат, мисалы, Москвада да, Алматыда да», - деп кошумчалаган ач көз мэр Эмилбек Абдыкадыров.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңешинин жыйындын жүрүшүндө Башкы прокурор Курманкул Зулушев Мамкурулушту көптөгөн мыйзам бузууларга жана коррупцияга айыптаган.

Мамкурулуштун жетекчиси Нуртазин Жетибаев анын пикирине кошулуп: «Мамкурулуштун мурдагы жетекчиси Бактыбек Абдиев Асаналиев жана жеке адамдар менен биргеликте туруктуу коррупциялык схеманы жана топту түзүп, Бишкектин түштүк аймагындагы бардык мыйзамсыз курулуштарды жүргүзгөн», - деп күнөөнү барын вице-мэрге түртө салды.

Ал Мамкурулуштагы коррупция бир жерден башталып, ал жерде «Абдиевдин адамдары» да, анын ичинде жубайы да отурганын дагы бир ирет баса белгилеген. «Абдиев Мамкурулушка келип, кетип жүрүп, эми азыр Бишкектин вице-мэри болуп отурат», - деди Жетибаев. Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин катышуусунда өткөн курулуш жана көзөмөл боюнча координациялык кеңештин жыйынында курулуш тармагындагы көйгөйлөр талкууланган.

Жыйында кадр маселесине активдүү комментарий берген Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров курулуш компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири экендиги белгилүү болду. Мамкурулуштун жетекчиси  Жетыбаев Бишкек шаарынын мэри Абдыкадыров менен «Бишкекпландын» жетекчиси Асаналиев «Нур Строй Монтаж» ишканасы аркылуу байланышта экенин айткан. Асаналиев жана анын «Ардак» фирмасы «Нур Строй Монтаж» ишканасын долбоорлоо менен алектенген. Демек ким коррупция жасаса көтөрүлөт окшойт...

Эмилбек Абдыкадыров 24-февралда Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалган. Калааны буга чейин башкарып келген Айбек Жунушалиев президенттин жарлыгы менен президенттин администрациясынын жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды. Эмилбек Абдыкадыров Бишкек мэриясынын системасында 30 жылдан ашык иштеп, үч жолу шаардык кеңештин депутаты, вице-мэр болуп эмгектенген. Курулуш агенттигинде жетекчинин орун басары болуп да иштеген. Өзүнүн курулуш компаниясы бар. Буга чейин Абдыкадыров кытайлык инвестор менен Ат-Башы районунун аймагына логистикалык-соода-өндүрүш борборун курууга белсенген. Бирок жергиликтүү калк каршы болуп, долбоор ишке ашпай калган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости