www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Талашканга таш да жок» орустун да, хахолдун да жери эмес. Крымдын тарыхы абдан байыркы. Байыркы дүйнөдө таврлар деген наам алган Крымда биздин заманга чейин XII  кылымда киммерийлер жашай баштаган. Киммерийлерден соң биздин заманга чейин VIII—IV байыркы гректер басып алган. Биздин заманга чейин III—II чейин биздин ата-бабабыз эсептелген сарматтар ээлеп калат, андан соң кайрадан гректер, байыркы римдиктер алып отуруп 370 — 380-жылдары кайрадан  — ата-бабабыз  гунндардын колуна өтөт. Крым гунндардын кол алдында калат. 520— 530-жылдары Византия бийлик жүргүзө баштайт.VII кылымда Крым кайрадан туугандарыбыз хазарлар алат.

1239 жылы  — Крымды   Батыйдын монгол-татарлары басып алган. Крым Алтын ордонун бир улусуна айланат. 1441 жылы өз алдынча Крым хандыгы түзүлөт. 1475 жылы — түрктөрдүн Осман империясынын кол алдында калат. Крым хандыгы Осман империясына көз каранды болуп калат.  

1783 жылы орус императору  Екатерина II Крым Орус империясына кошулду деген Манифестке кол койот.1954 жылдын 19 февралында СССР Жогорку Советинин президиумунун жарлыгы менен Украинанын Орусияга кошулганынын 300 жылдыгында Крым РСФСРдан Украина ССРине белекке берилет. 2014 жылдан баштап Орусия эл аралык коомчулук тааныбаса да өз курамына кошуп алган. Орусия Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылы жазында күч менен өзүнө каратып алган. Эл аралык коомчулук Крымды Украинанын аймагы деп эсептейт.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Киевде өткөн “Крым платформасынын” экинчи эл аралык саммитинде сүйлөп жатып, Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралы "кандай гана жол менен болбосун Украинанын көзөмөлүнө кайтарыла турганын” айтты. Ал "Кремль эч качан диалог жөнүндө ойлобогонун, согушка гана даяр болгонун" белгилеп, Орусия менен сүйлөшүүлөр тууралуу "сөз да болушу мүмкүн эмес экенин" айтты.
"2014-жылы алар өлкөбүздү басып алууну чечишти жана дүйнө аларды бетке чапкан жок, ошондуктан алар андан ары кетишти. Эми биз бетке чабабыз", - деген Зеленский "Орусияны тынчтандыруу үчүн" фронттун линиясын "тоңдуруп" коюуга Украина макул эмес экенин айтты.
Зеленский Крым кайтарылгандан кийин Украина менен бирге Европа Биримдигинин бир бөлүгүнө айланарын жана жарым аралда жашаган элге "чоң мүмкүнчүлүктөр" ачыла турганын белгиледи: "Крымдын жолдору бүткүл Европа континентинин жолу болот, Крымдын порттору бүткүл Европанын порттору болот, Симферополду Берлин менен, Ялтаны Неаполь менен байланыштырууга Украина гана жөндөмдүү", - деди украин президенти. Киевдеги "Крым платформасы" саммити онлайн-форматта өттү. Ага 60 өлкөнүн президенти, премьер-министри, саясий жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

АКШ Украинанын президенти Владимир Зеленскийге анын Крымды кайтаруу каалоосун ишке ашырууга эч кандай жардам бербеши керек. Бул тууралуу президент Рональд Рейгандын мурдагы кеңешчиси Дуг Бэндоу The American Conservative (TAC) гезитине жазган макаласында билдирди.

Ал Украина лидеринин Украина Крымга кайтып келет, анткени ал жакта украиндер калганы тууралуу билдирүүсүнө көңүл бурду. «Эки көйгөй бар – белгисиз пайда үчүн согуштук аракеттердин күчөшү... жана крымдыктардын көбү «боштондукка чыгууну» каалай турган далилдердин жоктугу», - деп эскертти саясат таануучу. Дуг Бэндоу Крымды кайтаруу өнөктүгү Украинадагы кырдаалды жөнгө салуучу сүйлөшүү процессине эч кандай салым кошпогонуна көңүл бурду. «Крымдын тургундарына согуш трофейи сыяктуу мамиле кылбоо керек», - деп жыйынтыктады ал

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужный украин аскерлери ушул жылдын сентябрь айында оккупацияланган Крым жарым аралындагы Орусиянын аскердик объектилерине ракеталык чабуул жасаганын жарыялады: “Кеп бул жерде душмандын Крымдагы авиабазаларына, биринчи кезекте Саки аэродромуна ийгиликтүү ракеталык соккулар жөнүндө болуп жатат”, - деп айтылат маалыматта.

Муну менен расмий Киев Крымдагы орусиялык аскердик объектилерге чабуул жасаганын биринчи жолу моюнуна алды. Буга чейин украин бийлиги жана аскерлери Крымдагы жардыруулар үчүн жоопкерчиликти алган эмес.

Жакында Крым жарым аралындагы Орусиянын аскердик базаларында жана ага жакын аймактарда бир нече жарылуулар болгон. Крымдагы орусиялыктар колдонгон “Саки” аскердик аэродромунда удаа жарылуулар катталган. Орусиянын бийлиги анда бир адам өлүп, 14ү жаракат алганын билдирген. Бир нече үйлөр талкаланган. Орусиянын Коргоо министрлиги анда аэродромдун аймагында авиациялык дүрмөттөр детонация болуп, жарылып кеткенин жарыялаган. Мекеме сырттан чабуул болгонун четке каккан. Ал учурда Украинанын бийлиги да бул жарылууларга тиешеси бар экенин тактаган эмес. Крымдагы Жанкой шаарынан 20 чакырым алыстыктагы Майское

Эгер Киев Крым жарым аралын аскерий күч менен басып алып, ал жерде дероссификацияны ишке ашыра алса, анда ал жергиликтүү калктын каршылыгына дуушар болмок. Бул тууралуу Politico гезитинин баяндамачысы Жейми Деттмер билдирди.

Журналист украин лидери Владимир Зеленскийдин Орусия жарым аралын басып алуу ниети тууралуу билдирүүсүнө комментарий берди. Басылмада автор атайын операция башталгандан кийин украин бийлиги орус тектүү топонимдерден арыла баштаганын, советтик жана орусиялык ишмерлердин урматына эстеликтерди демонтаждаганын эске салган. Ошондой эле өлкөдө орус тили жана адабияты мектеп программасынан алынып салынган.

Жакында Зеленский украин армиясы Крымды алат деп убада кылган. Бирок ал күн келсе, Киевде Орусияга кантип жакындайт? Калкынын 65% орустар түзгөн украин тилин дагы эле талап кылабы? – деп суроо узатты журналист.

Буга чейин Зеленский Крымды «кайтып келүү» жана басып алуу планын бир нече жолу жарыялаган. Украин лидери жарым аралды Орусиядан «кандай жол менен болсо да тартып алабыз» деп коркуткан. Ошол эле учурда ал бул үчүн Киев башка өлкөлөр менен кеңешүүнүн кереги жок экенин белгиледи.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости