www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балбак Түлөбаев:

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев министрлер кабинети аларды укпай калганын айтып, эки органдын бирин отставкага кетирүүгө чакырды.

"Алмасбек Акунжанович президенттин парламенттеги өкүлү — ред.), биздин Баткенге бөлгөн 500 миллион сомубуз каякта? Ошону бизге тактап таап бериңиз. Себеби жылдын башында бөлүп бергенбиз. Айта берип тилибиз тешилип бүттү. Урматтуу депутаттар, айткан нерсе аткарылбаса бир чечимге келишибиз абзел. Өкмөттү айдашыбыз керек же өзүбүз кетишибиз керек. Бизди укпагандан кийин эмне кереги бар. Эки жолдун бирөөсүн тандашыбыз шарт", — деди Түлөбаев.

Депутат, мындан сырткары, Ысык-Көлдө жазында көчкү жүрүп мал өлгөнүн, жай ортосунда мөндүр уруп эгинди жууп кеткенин айтып, өкмөткө жардам бергиле деп кайрылса реакция болбогонун кошумчалады.

Последние новости