www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүркүттү чокууга батынган жалгыз куш - карга. Ал чалкасынан отуруп, бүркүттүн мойнунан тиштегилейт. Бирок бүркүт карганы ыргытпайт, аны менен күрөшпөйт, убактысын жана күчүн текке кетирбейт. Ал жөн гана канаттарын жайып, асманга көтөрүлө баштайт. Бүркүт бийиктикке карай учуп, канаттары менен өтө бийикке учат, каргага ошол убакта абанын басымы күчөп, аба жетишпей алдан кайтып ылдыйды көздөй чабалактап түшүп кетет.

Бул принципти жашооңуз үчүн алыш керек: кимдир бирөөгө бир нерсени далилдөө үчүн убактыңызды жана күчүңүздү кузгундарга, алардын ушактарына коротпоңуз. Алга гана умтулуңуз, бийикке көтөрүлүңүз, аларды күчтөн жана абадан ажыратыңыз. Ошондо алдыга койгон максатыңа жетесиз. Учурда биздин өлкөдө каргага окшогондор көбөйүп, талпынып учайын деген бүркүттүн канатына жабышышып, учууга тоскоолдуктар жаратып жаткандар көбөйүштү. Бирок, бийиктикке учуп чыгып, канаттары менен бийиктикти багынтканда каргалар тоголонуп, тоголонуп алыста калышат.

Коомчулукка «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаты Эмил Токтошев демилгелеген 2023-жылдын 1-январынан баштап 2026-жылдын 1-январына чейин кээ бир аңдарга тыюу салуу боюнча мыйзам талкууланган. Үч жылга Нарын менен Ысык-Көл облустарынадагы жапайы жаныбарлардын айрымдарын атууга тыюу салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирет. Маалыматка караганда, 2023-2026-жылдары Ысык-Көл жана Нарын облустарында Марко Поло, тоо аркары, тоо эчкиси, элик, каман жана уларга аңчылык кылууга тыюу салынды. Буга чейин Кыргызстан боюнча Марко Поло, тоо аркары, тоо эчкиси, элик, каман жана уларга аңчылык кылууга тыюу салынаары кабарланган болчу.

Байкуш Каттаниге окшош кийик атпаса кычуусу канбай, уйкусу он бөлүнгөндөргө эмне болот? Азыр акча берип коюшса «ата бергиле» деп уруксат берип коюшкан. Жакында соцтармактарда атылган кайберендердин сүрөттөрү пайда болгон. Мергенчилик кандай өткөндүгү тууралуу ишкана минтип түшүндүрүшкөн. Кыргызстандагы аң уулоо салтанаты жана атылган кайберендердин сүрөттөрү менен Instagramда чет өлкөлүк Лукас Поуг бөлүшкөн. Кыргыз соцтармактарынын журтчулугу бул кабарды жийиркеничтүүлүк менен кабыл алган. Лукас Поугдун жазгандарынан улам аң уулоо Ысык-Көл облусунда сентябрдын башында болгонун билсе болот. Ал өлтүрүлгөн кайберендердин сүрөтүн бөлүшүп, Ысык-Көл облусундагы "Тур-Хан-Тенгри" ЖЧКсынын зоболосун көтөргүсү келген.

Чет өлкөлүктөрдүн кыргыздын кайберенин жайлап коюп минтип мактанып турганы көзгө өөн учурайт экен. Азыркы учурда августтун экинчи жарымынан декабрдын биринчи жекшембисине чейин тоо текелерин атуу үчүн мергенчилик сезону башталат. Ошондуктан бул мыйзамдуу мергенчилик экени белгилүү. Экология боюнча мамлекеттик комитет мергенчиликти жөнгө салуу үчүнар бир атылган кайберендер үчүн мергенчилик чарбасынын ичинде лицензия берет.

Ысык-Көл облусундагы "Тур-Хан-Тенгри" ЖЧКсынын аймагындагы мергенчилик чарбасында бул тур чет өлкөлүктөр үчүн 4-сентябрдан 13-сентябрга чейин өткөн. Беш мергенчи катышып беш тоо текесин атууга лицензия алышкан. Мергенчилик мамлекеттик комитеттин көзөмөлдүүлүгү аркасында болгон. Ушул күндөрдүн ичинде 10 жаштан 13 жашка чейинки беш теке атылган. Ишкананын өкүлдөрүнүн айтуусунда булар жаштары улгайып бараткан текелер.

Ишкананын өкүлдөрүнүн айтуусунда буларды браконьерлер менен салыштырууга болбойт, алар акча төлөшпөй жашыруун текелерди тандабай атып кетишет. «Биз мыйзамдуу ишкерчилик кылып жатабыз, аң уулоо бардык эрежелер жана документтердин негизинде болуп жатат. Бизди браконьерлер менен алмаштырууга болбойт» -дейт ишкананын өкүлү.

Лукас Поуг андан тышкары үч ири аркардын мүйүздөрү менен түшкөн сүрөтү менен бөлүшкөн. Ишкананын өкүлүнүн айтусунда, бул жаңы атылган кайберендер эмес. "Бул мүйүздөр карып өлүшкөн кайберендердин мүйүздөрү. Чет өлкөлүктөр ал мүйүздөр менен сүрөткө түшүшкөн. Аттар менен мүйүздөрүн өзүнчө бөлүп араалашпайт» -деп түшүндүрүшкөн ишканадагылар.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

Последние новости