www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 28-январда «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын жыйынына Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жаңы директору Мырзабек Жыпаркулов келип, бирок аталган түзүмдүн ишмердүүлүгү боюнча отчет берген жок.

«Кечээ эле дайындоо болду. Бүгүн түзүмдүн ишмердүүлүгү менен таанышам. Уруксат берсеңиздер, менин орун басарым баяндама жасайт. Кечирим сурайм. Кийинчерээк мен өзүм отчет менен келем. Мен силердин көбүңөр менен таанышмын. Кудай буюрса, чогуу мамлекетке кызмат кылып, көп иштерди жасайбыз», - деди ал.

«Биринчи жолу кечиримдүү, эмкиде даярданыңыз», - деди фракция лидери Бактыбек Сыдыков.

Жыйында докладчы республикалык бюджеттен каржылануучу капиталдык курулуш объекттеринин учурдагы абалы жана «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча чыгашаларды каржылоонун натыйжалуулугу жөнүндө маалымат берүүсү керек эле.

Жыпаркулов агенттиктин жетекчилигине 27-январда дайындалып, ал Нуртазин Жетыбаевдин ордуна келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости