www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Курултайга кимдер делегат болушат?

Шайлоо түгөнүп баратканда курултай деген чыга калып ырас болбодубу. Курултайга деле делегаттар шайланып келет.Бизде делегат болууга ылайыктуу мекенчилдер көп: Райым Матраимов, Каныбек Осмоналиев, Бекболот Талгарбеков, Аликбек Жекшенкулов жана башка толуп жатат. Азырынча Талгарбековго токтоло кетсак.Талгарбеков да, Садыр Жапаров да учурунда Атамбаевдин бийлиги тарабынан жалган жалаалар менен камалып, камактын "сыз" даамынтатаып чыккан саясатчылар.

Арийне, Талгарбековдун жалган айыптар менен соттолуп турганы тууралуу Сооронбай Жээнбековдун заманында айкындалып "үй түрмө” деген балакет баскырга которулуп, кийин биротоло акталып чыкты. Ал эми Садыр Жапаров да мөөнөттөрү азайтылып турганы менен Сооронбай Жээнбековдун учурунда камактан бошотулган эмес.  

Садыр Жапаров  орусиялык "Коммерсант" басылмасына интервью берип, анда элдин ишенимине кантип киргенине чейин айтып берген. Абакта өткөргөн 3,5 жыл ичинде ошол жердеги жөнөкөй жарандарга жардам берип турганын белгилеген. Түрмөдө отурган кезде кылмышкерлерге жардам берген эмес. Жөнөкөй жарандарга гана кол сунуп, абакта отурган маалда ага жүздөн ашык адам кайрылып, баары тең эркиндикке чыгышты. Кийин алар аны жакшы адам деп маалымат жайылта башташты.

Эркиндикке чыкканымда алардын бардыгы митингде жүрүштү, аны колдоп жатышты. Үчүнчү революциянын сыры ушунда экенин баса белгилеген. Ал ошондой эле "Одноклассники", Facebook, Instagram тармактарындаэлүү чакты группаларды түзүп, эл менен байланышта болуп турганын белгилеген. Алар аркылуу "Кумтөр" жана өзүмдүн иштерим тууралуу маалыматтарды жайылтып турган. Ошентип 3,5 жылдын ичинде жалпы элге үнүн жеткирген.

"Абакта 24 саат бою бошсуң да. Ушундай жол менен мен түрмөдө жатып революция жасадым", - деген Жапаров. Ал эми журналист "абакта отуруп алып соцтармакка кирүүгө мүмкүн беле" деген суроону узаткан. "Мыйзам жүзүндө болбойт, бирок биз жолун таптык", - деп жооп берген ал.

Маекте Жапаров бир катар реформаларды жасай турганын айтып, бийликке туугандарын алып келбей турганын убадалаган.

Ал эми Бекболот Талгарбеков Садыр Жапаровдун бийликке келишин тилектештик менен кабыл алган. Себеби, ал "Элдик парламенттин" иштери боюнча мойнуна жалган жерден 14 жылды илип камактан бошотулса да, соттулуугу алына элек болчу. Бирок 2022- жылдын март айынын башында ага саясатчылар оппозициялык кыймыл түзүп жатканын, саясий кеңешке мүчө болуп киришин айтышкан.

Кантсе да Талгарбековдун "Элдик парламентти" түзүп, Атамбаевдик бийликти кооптондуруп, көп мезгил жалган айып менен камалып турганы элдин эсинде эмеспи. Ушул  жерден кыстара кетели УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев 1997-жылдан Талгарбековго тааныштыгы бар. Ал кезде Жалал-Абадга губернатор болуп барган Бекболот Талгарбеков келечекте мыкты саясатчы чыгарын баамдап Камчыбек Ташиевдин ишмердүүлүгүнө баа берип келатат. Кийин министр кезинде Талгарбековдун жардамчысы болгон.

Ошондон бери Талгарбеков менен үзбөй кабар алып, маселе чыкса чечип берип турат. Атамбаевдин бийлиги Бекболот Талгарбековду 2016-жылы  камаганда, өзү тынбай аракет жасап, бул ишке баш-оту менен киришкен. 2017-жылы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбеков тарабында салгылашып, ага жеңиш алып бергендердин бири. Бирок башкаларчылап Сооронбай Жээнбековдун колтугуна кирип кетпей калыс мамиле кылып, Бекболот Талгарбековдун "Элдик парламентти" камактан бошотулушуна көп аракеттерди кылган, акыры абактан сууруп чыккан.

Ошондуктан Садыр Жапаровдун жакын адамы катары Ташиевке бир –ооз айтып коюну туура көрөт. Ташиев анын мындай сунушуна караманча- каршы чыгат. Себеби, мындай айыл чарбасында реформатор катары такшалып калган кадрдын азыркы убакта абдан керек болуп турганын түшүнөт. Азыркы фракция жетекчиси, Бакиев президент кезинде пресс-катчысы Нурлан Шакиевдин айткандары бар.

Талгарбеков мыкты адис болгондуктан ал иштерин уланта беришин көздөп, 2005-жылдагы март революциясынан Акаев бийликтен кеткен соң кайрылат. Бирок, Бекболот Талгарбеков Акаевдин ишенген кадры болсом, анан ал кетер менен шар эле Бакиевди көздөй өтө качсам болбой калат го деп сыпайылык менен бул жумуштан баш тарткан.

Бекболот Талгарбековдун оппозициялык кыймылга киришине каршы болгон Ташиев Садыр Жапаров менен сүйлөшүп, коомдук башталыштагы кеңешчи кызматын сунуштап, президент менен жолугушуусун айтат. Президент менен Бекболот Талгарбековдун бир саатча жолугушуусу болуп, сөздүн аягында Ташиевдин сунушу тууралуу сөз болот.

Бекболот Талгарбеков Нарын облусунда айыл чарба кооперативдерин уюштуруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырганга жардам берүүгө макул болуп, бирок ал үчүн мамлекеттик кызматта бир күн иштеп көрбөгөн, коммерсант, азыркы губернаторду башка компетенттүү, тажрыйбалуу адамга алмаштырып берүүнү өтүнөт. Президент ойлонуп көрүүнү туура көрүп, колунан дагы бир айыл чарба реформаторун чыгарып жиберет.

Өткөн тарыхты алалы. «Элдик парламент» Июнь окуясы боюнча комиссия түзүп, өз ишин баштаган. "Элдик парламент" жылмалабай, болгондой айтабыз, кимдердин тиешеси бар экенин, кайсы күчтөр жаңжалды тутантканын коомчулукка жарылайбыз деген ой менен иш баштаган. "Элдик парламент" комиссиянын чечиминен кооптонгон Атамбаев чындыкты чыгарып жиберет деп жасалма жол менен айып тагып каматкан.

Камалганынын бирден бир себеби ушул июнь окуясы болчу. Ошон үчүн "Элдик парламентти" 14 жылга кесишкен. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бир жыл мурда июнь окуясы боюнча 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын билдирген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости