www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларустун Жогорку соту Курманбек Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта ага анын соттолушу "саясий куугунтукка" байланыштуу болгондугу себеп экендиги айтылат.

"Мурдагы президентти жоопко тартуу өтүнүчү менен Беларуска төрт өтүнүч жөнөтүлгөн. Бирок Беларусь Республикасынын Жогорку соту арызды канааттандыруудан баш тартты. Алардын пикиринде, Бакиевдин соттолушу "саясий себептер менен куугунтукка" байланыштуу", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилүү болгондой, соттун 2016-жылдын 29-июлундагы чечими менен мурдагы президент 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяларга жана башка эпизоддорго байланыштуу 30 жылга эркинен ажыратылган.

Эске салсак, Курманбек Бакиев Кыргызстанды 2005-2010-жылдары башкарган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости