www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кымбатчылык болсо Жапаров сүйүнгөнүнүн себеби ал өз товарларын кымбаттатып сатат. Жапаров өкмөттү жетектегени «ДАМАСынын» иши жүрүп, албуут кыймылдай баштаган. Көрсө мезгилдин талабына карап «ДАМАСын» сатып жибергиси келиптир. Азыр Кыргызстандагы эң чоң күркүл «ДАМАСын» алам деп убара. Жапаров экинчи чакырылыштагы парламенттин депутаты кезинде жылжыктап эле Бекназаровдун жанынан чыкпай жүрө турган. Бирок Үзөңгү-Куушту берерге келгенде Акаевге ооп кеткен.  Ал эми Бакиев келгенде, анын таманын өөп жүрүп минфин, минэкономика болуп, биринчи вице-премьерге жетер менен бийлик алмашып кетип, Таласта “көк бөрүгө” алынган. Анын шефи Данияр Үсөнов кылмыш ишине жооптуу болуп жүрсө эч кылмыш кылбагансып чачы тике койо берип жүрөт.  Туй аке атындагы Туйгуналы Абдраимов камалганда жөн жата албай тыбырчалап, камактан бошогондо үйүнө барып сүйүнүп жүрдү эле, Бекназаровдун камалышына мурдун балта кескен жок.

Жактоочулар биринчи инстанциянын чечимине нааразы болуп, Бекназаровду үй камагына чыгарууну талап кылышкан. Бирок сот ага өкүм чыгарды окшойт. Ал эми бул чечимди Азимбек Бекназаров соттор жогорку жактын тапшырмасын аткарып жатат деп эсептейт. Буга чейин коомдук ишмер, экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун баласы Руслан Бекназаров ИИМ тарабынан кармалган. Мекменин расмий билдирүүсүндө суракка гана чакыртылганын айткан. Аталган орган кийинчерээк, сурактан кийин анын кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилгенин билдирди.

 Акаев, Атамбаев менен табакташ болгон Акылбек Жапаровдун Анарасын алалы. Анын демилгеси менен “ДАМАС” пайда болгон, ушул учурда анда курулуш кайрадан жанданып убайын Анара айым көрүүдө. “ДАМАС” эмне болуп чечилет: Д-ДЖапарова А-Анара  М-Миллионерша А-Акылбек С-Слушатель.  “ДАМАСынын” ичинде 3- кабаты "тойкана-ресторан", 9- кабаты мейманкана, 5-кабаты "президенттик люкс- номер"- ок- өткүс брондолгон терезелери менен жабдылган, конференц-залы бар. Бул жерлерде "корпоратив” кечелер болуп турат, бир эле кече 800 миңден - 3 млн сомго чейин жетет.

 Кант шаарынын ичинде  шаарга айланган "МИС-машино-испытательная станция" бар, анын ичинде Акаевден инвестицияга алган ар кандай-операция жасай турган комбайн-тракторлору бар, 7 миң тонналык буудай сактагыч цистерналар, 1000ден ашуун техника-ууналары, 1000дей кара-мал, породалуу 200 уйу, 350 га  айдоо жери, 270 га үрөн жери бар. Бул учу гана, эгерде Жапаровду каза турган болсо, көмүскө чарбасына эсеп жетпейт. Эмне үчүн жаңы бийлик Жапаровду кармап кустура албайт? Анткени ал Кыргызстандагы №2 киши, керек болсо өзүұн кустуруп койот, булар чырмалышып калган. Азыркы бийликтин бардык  финансы, экономикасын Жапаровдун алкы бузук достору, шакирттери тейлеп, ал бул жакта “көмүскө король”. Ушул эле Жапаровдун атасынын спирт куйган банкасынан башка ырыстуу эч нерсеси жок болчу. Ал эми минкабды жетектер менен Акылбек Жапаров “ДАМАСынын” бүтпөй жаткан жерлерин бүтүрө баштады.

“ДАМАСы” эми бүтүп калар, Украинага келели.Украина-Орусия маселесинде Кыргызстан бейтарап экенин, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирип жүрөт.Өкмөттүн антикризистик чаралар боюнча жыйынында сүйлөп жатып Жапаров Украинадагы окуяларды согуш деп атаган. Ошондой эле, ал - Кыргызстан бул согушту токтотуу үчүн колунан келген аракеттерди көрөөрүн белгилеген. «Ооба, бул маселе боюнча биздин өлкө азыр эки лагерге бөлүнүп турат. Жеке адамдар боюнча алып караганда, мындай тандоону түшүнсө болот. Себеби ар ким өзүнүн жеке симпатиясына жана дүйнө таанымына жараша кабылдоодо.

Бирок мамлекеттик деңгээлде мындай мамиле абайлабагандык, жада калса жоопкерчиликсиз болот деп эсептейм. Биз - чакан өлкөбүз, бул дүйнөдө биздин позициядан көп нерсе деле көз каранды эмес. Бирок ойлонулбай жасалган ар бир кадам элибизге оор кесепет алып келиши мүмкүн. Бизге эки мамлекет тең жакын. Биз - боордоштор бири-бирин өлтүрүп жаткан бул согуш токтошуна колубуздан келген аракетибизди жасайбыз», - деп ой-да мактанды Жапаров.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

 

 

 

 

Последние новости