www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Кыргызга Чыңгызхан даай алган эмес

«Саяк элдин шогу, солто элдин тогу, сарыбагыш менен бугунун барынан жогу» деген сөз бар. Арийне, Бекболот Талгарбеков анча деле шок эмес, бирок Мыктыбек Абдылдаев ток болсо керек, ал эми Акылбек Жапаров менен Кубанычбек Бөкөнтаевдин чын эле барынан жогу. Кыргыздын канынан жаралган Чыңгызхан ааламды каратканы менен бир кыргызга даай албаптыр. Кийин анын тукумдары Хубилайлар кыргызды талкалап, жанчып туш-тарапка таратып ийип атпайбы. Ошондо деле кыргыз атын жоготпой Ала-Тоого келип, «Моголстандын арстандары» атка конуп, калмактар менен кармашып канчасы кырылды? Чыңгыз хандын аскери менен кыргыздар Аравияга чейин жетиптир. XV –кылымда Мисирди  башкарып турган Кайтпай, Тооманбай деген кыргыз кол башчылары болгон, алардын кылычтары азыркы учурда Каирдеги мамлекеттик музейде сакталып турат. Ал кезде кыргыздар Аравия, Иорданияда мамлекеттик кызматтарга жеткен. Аль-Жувейни 1260-жылы жазган «Тарих-и-жахангушан» (Дүйнөнү жеңүүчүнүн тарыхы) деген эмгегинде Чыңгыз хан Энесай кыргыздарын каратып алганын айтат.

Добун-мергендин аялы Алаңгу (Алан-гао) күйөөсү каза болгондон кийин дагы 3 уул төрөгөн. Ага чейин 2 уулу болгон. Добун-мергендин Малик деген улуту кыргыз көчүп-конгондо бирге жүргөн коңшусу болгон. Кийинки балдары саргыч чачтуу, кызыл жүздүү, көгүш көздүү болуп Маликти тартып калышкан. Монголдор жашырып булар нурдан жаралган дешет. Булар нурдан эмес кыргыз Маликтен жаралган. Уулдардын эң кенжеси Бөдөңчаардын Эсигей баатыры 1162 - жылы жылкы жылы уулдуу болуп атын Темирчи койот.Темирчи 13 жашында атасы Эсигей каза болуп, таякелери Көкчүнүн тарбиясын алган. Кыргызда Көкчө-көз деген урук бар. 1206- жолборс жылы 44 жашында хан көтөрүлүп жаңы ат «Чыңгыз хан» деген наам алган. 1207-жылы Чыңгыз хан кыргыздарга өзүнүн уулу Жоочуну элчиликке жиберген. Чыңгызхан багынткан жер  41 мамлекет Борбордук Азияда: Отрар, Бухара, Самарканд, Термез, Хорезм, Үргөнч, 1219-1221- жылдары, Кавказ, Крым, Днепр боюу жана Калка дарыяларына чейин 1221-1222-жылдары, Афганистан, Пакистан, Индия 1222 - жылы. Ошол жылы күзүндө Монголияга баратып Талас аркылуу өтөт. 1225-жылы Багдадды алган.

Чыңгыз хан түзгөн империя эң чоң аймакты камтыган чыгышы Тынч океандан башталып Корея, Кытай, Тибетти, батышы Германия, Австрия, түштүгү Түркия, Сирия, Ирак, Индия, түндүгү Россияны камтыган. Мындай зор империяны ага чейин да, андан кийин да эч ким  түзө албаган. Империянын борбору Каракорумда болгон, 1259-жылы Пекинге көчүрүлүп Кытай ажыдаары соруп кеткен. Чыңгызхан 1227-жылы 29-августта аттан жыгылып 66-жашында каза болгон.

1295-1310 –жылдары император Хубилайдын буйругу менен атайын аскерлер түзүлүп кыргыз элин чачыратуу максатында опурталдуу жана чек ара боюнча мыйзамдарды ишке ашырган. Хубилай кыргыз элинин эрдигинен чоочулап, эр жеткен жигиттерин империянын туш-тарабына чек ара күзөттөрүнө чачып жиберген. 1312-1340-жылдары Өзүбек хандын бийлиги. «Өзбек» этномими колдонула баштайт. 1340-жылы Чыңгызхандын экинчи уулу Чагатай Борбордук Азияны ээлейт. 1323-1406 - жылдары жашаган араб тарыхчысы Ибн Халдун кыргыздар эки орунда: түндүктө Энесай тарапта жана түштүктө Тянь-Шань аймагында жашагандыгын жазат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

Последние новости