www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов "Промзона" түнкү клубунун кире беришинде баш кийимин жана күрмөсүн чечкиси келбей, милиция чакырган. Ал муну администрация тарабынан конституциялык укугун бузуу катары баалаган. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдиргенин Kaktus.media жазды.

Кокулов аталган жайдын администрациянын сырт кийимин чечүү өтүнүчү анын укугун бузгандык деп түшүндүрүп, милицияга кайрылганын тастыктады.

Эл өкүлүнүн мындай жүрүм-туруму татыктуубу деген суроого Кокулов депутат катары эмес, жаран катары милицияга кайрылганын айтты.

Ал эми администрация өз кезегинде бул клубдун эрежесин бузуу деп түшүндүргөн.

Эске салсак, жакында эле депутат Эрулан Көкүлов менен "Кадастрдагы" "ВИП-Секьюрити" детективдик жана күзөт агенттигинин кызматкери Дубанбек Сүйүналиевдин ортосунда чыр чыккан.

Последние новости